Киргизско-русский словарь Юдахина
кант I
ар.
сахар (обычно - рафинад);
машине кант разг. сахар пилёный;
чакмак кант сахар кусковой или пилёный;
кант токоч разг. печенье кондитерское;
кант кайнатуу сахароварение.
кант- II, канет-
(т произносится мягко)
как поступить, что сделать;
атты кантти? как он поступил с лошадью? что он сделал с лошадью? куда он девал лошадь?
кантер экен? как-то он поступит? что он будет делать? куда денет?
кантем? как мне быть? как мне поступить? куда мне девать? куда мне деваться?
канетип или кантип как, каким образом;
кантип эле билбейин! а как же мне не знать-то (конечно же, знаю) !;
кантип эле ушундай болсун?! да не может быть?! (вопрос с оттенком удивления);
кантели эми? что нам делать?, как поступить теперь?
канткенде да как бы там ни было; во всяком случае;
канткенде жакшы болот? как лучше сделать? как сделать, чтобы было лучше?
капаланып калгамы, кантерин билбей турганы фольк. (вот) он опечалился и не знал, как поступить;
кантерге айла табалбай, келе жатат ашыгып фольк. не зная, какой найти выход, едет он спешно;
кантиш керек? как нужно поступить? что нужно сделать?

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Кийимдин жээгине же тигишине бастырылган түстүү жип.
2. Сүрөттүн, таблицанын жээгине рамка сыяктуу жабыштырылган тилке,
КАНТ II зат. 1. Кызылчадан жана кант камышынан иштелип чыгуучу, ак түстүү кристалл түрүндөгү азык-түлүк катарында колдонулуучу таттуу зат. Сыргажан казган кызылча Заводдон чыгып кант болду (Осмонкул). Планын ашык толтуруп, Буттап шекер кант алган (Нуркамал).
2. өт. Таттуу, ширин, кызык. Эң назик.. сага окшогон орой эмес, Жүзү ачык, сөздөрү алтын, тили кант-бал (Осмонов). Кайгыны мынча не салдың, Кант уйкумдан ойготуп (Тоголок Молдо).
КАНТ III этиш. Кандай Кылуу, эмне кылуу, кандай этүү. Атты кантти?

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кызылчадан же кант камышынан иштетилип алынган, ак кристалл түрүндөгү таттуу азык заты. Кары кемпир, чалдарга кант салган кара чай кызык (Токтогул). Эт, сары май, сүт берип, Кантты, нанды бүт берип (Үмөталиев). Балдары аман болуп, тукуму өсүп, Кант, шекер, бал татысын ичкен чайы (Осмонов). 2. өт. Өтө таттуу, ширин, даамдуу. Өзөгү – бал, өзү – кант, Чөбү сонун Суусамыр (Барпы).

Киргизско-русский словарь Юдахина
кантала I
ир.
клоп.
кантала- II
покраснеть, получить кровоподтёк (напр. от побоев); налиться кровью (о глазах от долгого сна или злобы);
бети канталаган у него лицо в крови;
башы, көзү канталап, качып барат анталап фольк. голова и глаза его окровавлены, он стремительно бежит.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Башка организмдин канын соруп жашоочу кичинекей мите. Кантала, бүргө уктатпайт, Сүлүктөй сорду канымды (Бөкөнбаев).
КАНТАЛА II этиш. Кызарып калуу, кан тамырларына кандын жайылып, таралышынан билинип, кызарып көрүнүү. Бүлөөдөй болуп жонубуз канталады (Турусбеков). Анын эки көзү канталаган кыпкызыл (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Катуу нерсенин тийишинен, кан тамырлары жарылып, кандын жайылышынан улам дене кызарып көрүнүү. Аттын тиши тийген жерди чечип көрдү, канталай түшүптүр (Байтемиров). Кызарып бети канталап, Коңурбай турат анталап («Манас»). Көзүнүн агы кыпкызыл болуп канталап турганын байкады («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: кантемир огу камень, который, по поверью, падает с молнией;
кантемир огун сүрттүрүп, кабылдаган жараны кайра таңып салды эми фольк. приказав натереть кантемир'ом, он опять перевязал разболевшуюся рану.