Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күч эмгегин, акыл эмгегин жумшоо аркылуу кандайдыр бир жумушту, ишти аткаруу, бир нерсе жасоо аракетинде болуу. Жумушчулар цехтерде кызуу иштеп жатышат. (Бектенов). Ал үйгө берген тапшырманы иштеп отурган (Сыдыкбеков). Фатима эң эптүү, шамдагай иштеп жатат (Сасыкбаев). 2. Кызмат аткаруу. Акбар министерстводо да иштеп калган экен (Убукеев). 3. Кыймыл-аракетке келүү, кыймыл-аракетте болуу, жүрүп турган абалда болуу. Чынжыры шалдырттап, конвейер иштей баштады (Сасыкбаев). 4. Кызмат жүрүп жаткан, жумуш күнү улантылып аткан абалда болуу. Магазин дем алышсыз иштейт. Библиотека саат 10 дон баштап иштейт. Ашкана саат он экиге дейре иштечү. 5. Кандайдыр бир уюм, мекеме, кружок ж. б. өзүнө тиешелүү милдетин аткарган абалда болуу, иш жүргүзүп туруу. Мектепте өздүк көркөм чыгармачылык кружогу иштейт. Шахтада хор кружокторубуз иштейт. 6. Өз милдетин аткаруу. Жүрөгү жакшы иштейт. Аш казаны начар иштейт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШТЕГЕН ЖЫЛДАРЫ – социалдык жактан камсыз кылуу укугунда эмгек жылдарынын бир түрү. Колдонулуудагы мыйзам боюнча И. ж. үчүн бааракы белгилене турган, ошондой эле эмгек акысына аргандай кошумча үстөктөр менен эмгек мамилелериндеги башка ар түрдүү жеңилдиктер бериле турган кесиптик ишмердүүлүктү аткаруунун узак мөөнөтүн билдирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШТЕГЕН ЖЫЛДАРЫ ҮЧҮН БААРАКЫ – жер астындагы ж. б. бөтөнчө зыяндуу жана эмгектин оор шартына, ошондой эле дагы башка кесиптик иш-аракеттерине байланыштуу И. ж. ү. б. белгиленет. Ал жаш курагына жана эмгекке жарамдуулук абалына карабастан, белгилүү бир атайын өтөгөн иш жылдары үчүн гана дайындалат.

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
Proactive Scanner (proper noun)
An automated proactive scan that triggers when NTFS detects a corruption. The scan is equivalent to the scan phase of chkdsk and finds and logs all corruptions to an internal file. This scan runs during maintenance hours, can be triggered from the Explorer, or manually run from a command line. When this scan is running in the background, some NTFS operations may be blocked.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШТЕГИ ИШЕНИМДҮҮ АДАМ – 1) протоколдук мамиле боюнча алганда, дипломатиялык өкүлчүлүктүн кичирээк деңгээлдеги (И. и. башкарган миссиядан) башчысы. И. и. а-ды (Charge d’Affaires en pied ) убактылуу И. и. а. (Charge d’Affaires ad interim ) менен, б. а. дипломаттык өкүлчүлүктүн башчысынын жогунда анын милдетин аткаруучу (кандай гана класстагы болбосун) менен аралаштырууга болбойт. 2) дипломаттык өкүлчүлүктүн (тийешелүү түрдө элчи менен жиберилгенден кийинки) төмөнкү классы. Мамлекет башчысынын карамагында эмес, тышкы иштер ведомствосунун башчысынын карамагында аккредиттелет.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Жараксыз болуу, жарабай калуу, жөндөмдүүлүгүн жоготуу. Султандын сандары да иштен чыкты (Шүкүрбеков). 2. Бузулуу, талкалануу, иштебей калуу. Эски араба турат чалдыбары чыгып, абзелин ала кетели десек, анысы да иштен чыгып кетиптир (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жараксыз болуу, жарабай калуу, жөндөмдүүлүгүн жоготуу. Султандын сандары да иштен чыкты (Шүкүрбеков). 2. Бузулуу, талкалануу, иштебей калуу. Эски араба турат чалдыбары чыгып, абзелин ала кетели десек, анысы да иштен чыгып кетиптир (Айтматов). Курсагы ач, Көзүндө жаш, Кийимдери иштен чыгып далбаган (Турусбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир токтом, чечим, көрсөтмө ж. б. менен таанышып, маанисин ачып билүү, үйрөнүү, түшүндүрүү, талкуулоо, оңдоолор, тактоолор киргизүү иштерин жүргүзүү. Өмүш чөп чабыкта иштеп жаткандарды чогултуп директордун приказын иштеп чыкты (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир токтом, чечим, көрсөтмө ж.б. менен таанышып, маанисин ачып билүү, үйрөнүү, түшүндүрүү, талкуулоо, оңдоолор, толуктоолор кийирүү иштерин жүргүзүү. Өмуш чөп чабыкта иштеп жаткандарды чогултуп, директордун приказын иштеп чыкты (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иштегенди жакшы көргөн, ишсиз тура албаган, ишке, жумушка күжүрмөн, эмгекчил, мээнеткеч. Жатпайт бекер иштерман, Жайы-кышы тырмышып (Токтогул). Кайраткер, чебер бул жигит, Иштерман эри элинин (Маликов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от иште-
1. заставлять работать, использовать на работе;
Алым - жакшы жигит, бирок жакшылап иштетип пайдалануу керек Алым - хороший парень, но его нужно хорошо использовать на работе;
2. обрабатывать;
жер иштет- обрабатывать землю.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. иште этишинин аркылуу мамилеси. Көзү жетип турган Бектур Айымжанга аны иштеткен эмес (Сыдыкбеков). 2. Дыйканчылык иштеринде жер айдоо, малалоо, үрөн себүү, жер семиртүү сыяктуу түшүмдү камсыз кылуу максатындагы жумуштарды жүргүзүү. Эгин талаасын иштетип бүттү. Жерин иштетип чыкты. 3. Сапатын, касиетин, составын жакшыртуу максатында андан аркы колдонууга, пайдаланууга даяр болгон түргө келтирүү. Терини иштетип койду. Кен иштетип, ылгап чыгуу иштери.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШТЕТИЛМЕ ТОВАР – өлкө аймагына чегарадан сырткары жерден убактылуу ташылып кирген, же болбосо ордун толтуруучу товар түрүндө өлкө чегинен сырткары иштетүү үчүн убактылуу ташылып чыгып, кайра кайтарыла турган товарлар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШТЕТИЛМЕ ЧИЙКИ ЗАТ – башка өлкөгө ташылып барып иштетилгенден кийин, кайра даяр өндүрүм түрүндө ташылып келине турган контрагент-өнөктөштүн чийки заты (кара: Бажы аймагында товарларды кайра иштетүү ).