Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от иште-
1. заставлять работать, использовать на работе;
Алым - жакшы жигит, бирок жакшылап иштетип пайдалануу керек Алым - хороший парень, но его нужно хорошо использовать на работе;
2. обрабатывать;
жер иштет- обрабатывать землю.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. иште этишинин аркылуу мамилеси. Көзү жетип турган Бектур Айымжанга аны иштеткен эмес (Сыдыкбеков). 2. Дыйканчылык иштеринде жер айдоо, малалоо, үрөн себүү, жер семиртүү сыяктуу түшүмдү камсыз кылуу максатындагы жумуштарды жүргүзүү. Эгин талаасын иштетип бүттү. Жерин иштетип чыкты. 3. Сапатын, касиетин, составын жакшыртуу максатында андан аркы колдонууга, пайдаланууга даяр болгон түргө келтирүү. Терини иштетип койду. Кен иштетип, ылгап чыгуу иштери.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШТЕТИЛМЕ ТОВАР – өлкө аймагына чегарадан сырткары жерден убактылуу ташылып кирген, же болбосо ордун толтуруучу товар түрүндө өлкө чегинен сырткары иштетүү үчүн убактылуу ташылып чыгып, кайра кайтарыла турган товарлар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШТЕТИЛМЕ ЧИЙКИ ЗАТ – башка өлкөгө ташылып барып иштетилгенден кийин, кайра даяр өндүрүм түрүндө ташылып келине турган контрагент-өнөктөштүн чийки заты (кара: Бажы аймагында товарларды кайра иштетүү ).