Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргызча ишен сөзү—моңголчо итгех, бурятча этигэхэ, калмакча итих (иткехе), ицх (ицхе) сөздөрү менен тектеш. Алгачкы түрү катары моңголчо итгэ формасын эсептөөгө болот. Анын т тыбышы ц тыбышына өткөн варианты калмакча иц этишинде айтылат. Бул ц тыбышы т>ч>ц аркылуу өнүккөн деп эсептегенде, түркчө (кыргызча) ишен этишиндеги ш тыбышы алгачкы т тыбышынын ч тыбышына алмашкан варианты ш болуп өзгөрүшүнөн жаралат: т> ч>ш. Кыргызча ишен этиши ише+н бөлүктөрүнөн турат. Анын ише уңгусу моңголчо итгэ, калмакча иц (е) этишине туура келет. Ошол этишке өздүк мамиленин -н мүчөсү жалганып, ишен сөзү келип чыккан. Г. Вамбери ынан жана ишен этиштери бир уңгудан чыгарын айткан (Свортян, 1974, 656). Ушул пикирди колдоп, алгачкы формасы ишен түрү болгон, анын ш тыбышы л тыбышына алмашуусунан илан> ынан түрү жаралган дешке болот.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн айтканына, укканына, көргөнүнө ж. б. анык, чын деп ынануу белгилүү бир ишенимде болуу. Кулактардын ушагына ишенип, Жалгыз атын жара тартып таштады. (Токомбаев). Кемпир аны улам тиктеп жатып чын Сабийра экенине зорго ишенген (Сыдыкбеков). Мергенчи Ажардын сөзүнө ишенбеди (Жантөшев). 2. Таянуу, жөлөк кылуу, бел байлоо, үмүт кылуу, ишеничте болуу. Бир мыкты тууган да жок мен ишенер (Үмөталиев). Атайы мага ишенип келгениңе, Милдетим жолдоштукка кызмат кылмак (Осмонов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от ишен-
заставить поверить; уверить, внушить доверие, обнадёжить;
ойношчул катын ыйлап ишендирет погов. жена, склонная к любовным похождениям, слезами доверия добивается.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Ишенгендик, ишенген сезим, ишенүү сезими. Ишенимди кыргыздар намыс менен актады (Аалы). Компартия ишенимин актаган, Республикам сен элимдин жылдызы (Аалы). Ишеним кат — өзү үчүн кандайдыр бир нерсени алууга же өз наамынан аракет кылууга укугу бар экендигин, ишенгендигин күбөлөө иретинде башка бирөөгө берилүүчү документ.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ынанган сезим, ишенгендик, ишенүү сезими, ишенич. Окутуучу жаш муундарга ишеним менен дем берет (Токомбаев). Ишенимди кыргыздар, Намыс менен актады (Токомбаев). Мен өзүмө кандай ишенсем, сага ошондой ишенем (Айтматов).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШЕНИМ БАШКАРУУЧУ – башкаруунун уюштуруучусунун же анда көрсөтүлгөн адамдын (пайда алуучунун) кызыкчылыгында мүлккө карата ишеним башкаруусун ишке ашыруучу адам. (кара:Мүлктү ишеним башкаруу келишими).

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Риск доверительного хранения (Custodial risk) —Риск того, что агент или хранитель не обеспечит своевременную поставку ценных бумаг, которые он хранит от имени управляющего резервами.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШЕНИМ ВОТУМУ – парламенттик тажрыйбада өкмөттүн же өзүнчө министрдин акциясы же мыйзам долбоору аныктаган саясий багытты ачык жактыруу (эреже катары, парламенттин төмөнкү палатасында). И. в. жөнүндө маселе коюу демилгеси өкмөттүн өзүнөн, парламенттик жааттардан же депутаттардын тобунан чыгышы мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШЕНИМ ГРАМОТАСЫ – чет мамлекетте аккредиттөө үчүн элчи же өкүл деңгээлиндеги дипломаттык өкүлчүлүктүн башчысы жабдылуучу документ. И. г-на дипломаттык өкүлдү дайындоочу өлкө башчысынын колу коюлат жана тышкы иштер министринин колу менен бышыкталат; өкүл баруучу мамлекет башчысына даректелет жана салтанаттуу кырдаалда анын колуна тапшырылат. И. г-нда дипломаттык өкүлдүн аты-жөнү же классы көрсөтүлөт, анын билдирүүлөрүнө жана аракеттерине ишеним көрсөтүү өтүнүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШЕНИМДЕН КЕТҮҮ – администрациянын демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуунун кошумча негиздеринин бири. И. к-гө байланыштуу күнөлүү иш-аракет жасагандыгы үчүн администрация тарабынан ага карата И. к. негизи берилген түздөнтүз акча менен товардык баалуулуктарды тейлеген кызматкерлер гана (м.: кассирлер, кампачылар) иштен бошотулушу мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШЕНИМДҮҮ АДАМ – тапшырма берүү келишиминин тарабы, ал бөлөк тараптын (тапшырма берүүчүнүн) атынан жана анын эсебинен укук иш-аракеттерин жүзөгө ашырууга милдеттенет. И. а. тарабынан түзүлгөн бүтүмдөргө байланышкан укуктар менен милдеттер тапшырма берүүчүгө гана тикелей тийешелүү болот.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШЕНИМДҮҮ ЖАК – 1) депутаттыкка талапкер, шайлоо бирикмеси, шайлануучу кызматка талапкер тарабынан шайлоо өнөктүгүндө жардам көрсөтүүгө, өзгөчө шайлоо алдындагы ишчараларда алдынала үгүт-насаат иштерин жүргүзүүдө жардам көрсөтүүгө тартылган жаран; 2) кудуретсиздикти жоюуда же кайра уюштурууда анын мүлкүн башкаруу үчүн кредиторлордун чогулушунда шайланган же арбитраж тарабынан дайындалган кызыкдар эмес жеке же юридикалык жактар; нотариуста күбөлөндүрүү менен ишенүүчү өзү үчүн белгилүү иштерди аткарууну тапшырган адам; 3) ишеним катка, мыйзам көрсөтмөсүнө же мамлекеттик, болбосо жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын ыйгарым укук актысына негизделүү менен, ыйгарым укук күчү аркылуу башка бир жактын атынан жана тапшыруусу боюнча (ишенүүчүнүн кызыкчылыгы боюнча) келишим түзүүчү жак.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШЕНИМ КӨРСӨТПӨӨ ВОТУМУ – ишеним көрсөтпөө. КР ЖК КР Премьер-министринин ар жылдык отчетун карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча КР ЖК депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк бөлүгүнүн демилгеси менен КР Өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү маселени карашы мүмкүн. КР Өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө жөнүндө токтом КР ЖК депутаттарынын жалпы санынын кеминде 2/3 добушу менен кабыл алынат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШЕНИМ ШЕРИКТИГИ – шериктиктин атынан ишкердикти жүзөгө ашыруучу жана шериктиктин милдеттенмелери боюнча өзүнүн мүлктөрү менен жооп берүүчү (толук шериктер менен) катышуучулар менен бирге эле дагы өздөрүнүн үлүштөрүнүн жана кошкон каражаттарынын өлчөмүндө гана чыгым тобокелчилигин көтөрүүчү жана шериктиктин ишкердик ишти ишке ашыруусуна катышпаган 1 же бир нече катышуучулар (аманатчылыр, коммандиттер) болгон шериктик.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ИШЕНОВ Сагынбек (1934, Чүй району, Бурана айылы) — кыргыз совет сүрөтчүсү. Кыргыз ССР искусствого эмгек сиңирген ишмери (1974). Фрунзе сүрөт окуу жайын (1955), Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн (1961). «Кыргызфильм» киностудиясында сүрөтчү (1961 — 76). И. сүрөтчү-коюучу катары «Улуу эпос» аттуу кино очеркти көркөмдөгөн. Сагымбай Орозбак уулунун портретин тарткан («Элес», 1963; жиповись, к. Сагымбай макаласынын баттамасын).
С. Ишенов. «Улуу эпос» фильмине иллюстрация, 1962.
С. Ишенов. «Улуу эпос» фильмине иллюстрация, 1962.
1977-ж. Кыргызстанда биринчи мультипликация тобун уюштурган жана жетектеген.