ИШЕНОВ
Энциклопедия "Манас". ч.1.ИШЕНОВ Сагынбек (1934, Чүй району, Бурана айылы) — кыргыз совет сүрөтчүсү. Кыргыз ССР искусствого эмгек сиңирген ишмери (1974). Фрунзе сүрөт окуу жайын (1955), Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн (1961). «Кыргызфильм» киностудиясында сүрөтчү (1961 — 76). И. сүрөтчү-коюучу катары «Улуу эпос» аттуу кино очеркти көркөмдөгөн. Сагымбай Орозбак уулунун портретин тарткан («Элес», 1963; жиповись, к. Сагымбай макаласынын баттамасын).

С. Ишенов. «Улуу эпос» фильмине иллюстрация, 1962.
1977-ж. Кыргызстанда биринчи мультипликация тобун уюштурган жана жетектеген.

С. Ишенов. «Улуу эпос» фильмине иллюстрация, 1962.
1977-ж. Кыргызстанда биринчи мультипликация тобун уюштурган жана жетектеген.