Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргызча ишен сөзү—моңголчо итгех, бурятча этигэхэ, калмакча итих (иткехе), ицх (ицхе) сөздөрү менен тектеш. Алгачкы түрү катары моңголчо итгэ формасын эсептөөгө болот. Анын т тыбышы ц тыбышына өткөн варианты калмакча иц этишинде айтылат. Бул ц тыбышы т>ч>ц аркылуу өнүккөн деп эсептегенде, түркчө (кыргызча) ишен этишиндеги ш тыбышы алгачкы т тыбышынын ч тыбышына алмашкан варианты ш болуп өзгөрүшүнөн жаралат: т> ч>ш. Кыргызча ишен этиши ише+н бөлүктөрүнөн турат. Анын ише уңгусу моңголчо итгэ, калмакча иц (е) этишине туура келет. Ошол этишке өздүк мамиленин -н мүчөсү жалганып, ишен сөзү келип чыккан. Г. Вамбери ынан жана ишен этиштери бир уңгудан чыгарын айткан (Свортян, 1974, 656). Ушул пикирди колдоп, алгачкы формасы ишен түрү болгон, анын ш тыбышы л тыбышына алмашуусунан илан> ынан түрү жаралган дешке болот.