Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШЕНИМДҮҮ АДАМ – тапшырма берүү келишиминин тарабы, ал бөлөк тараптын (тапшырма берүүчүнүн) атынан жана анын эсебинен укук иш-аракеттерин жүзөгө ашырууга милдеттенет. И. а. тарабынан түзүлгөн бүтүмдөргө байланышкан укуктар менен милдеттер тапшырма берүүчүгө гана тикелей тийешелүү болот.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШЕНИМДҮҮ ЖАК – 1) депутаттыкка талапкер, шайлоо бирикмеси, шайлануучу кызматка талапкер тарабынан шайлоо өнөктүгүндө жардам көрсөтүүгө, өзгөчө шайлоо алдындагы ишчараларда алдынала үгүт-насаат иштерин жүргүзүүдө жардам көрсөтүүгө тартылган жаран; 2) кудуретсиздикти жоюуда же кайра уюштурууда анын мүлкүн башкаруу үчүн кредиторлордун чогулушунда шайланган же арбитраж тарабынан дайындалган кызыкдар эмес жеке же юридикалык жактар; нотариуста күбөлөндүрүү менен ишенүүчү өзү үчүн белгилүү иштерди аткарууну тапшырган адам; 3) ишеним катка, мыйзам көрсөтмөсүнө же мамлекеттик, болбосо жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын ыйгарым укук актысына негизделүү менен, ыйгарым укук күчү аркылуу башка бир жактын атынан жана тапшыруусу боюнча (ишенүүчүнүн кызыкчылыгы боюнча) келишим түзүүчү жак.