ийин I 1. плечо; ийини или ийни его плечо; мылтыкты бир ийнинен экинчи ийнине которо койду он переложил ружьё с одного плеча на другое; ийнин куушуруп койду он пожал плечами; 2. перен. одежда; ийиниңди тоздурба не доводи свою одежду до износа; не ходи оборванцем; курсак тоюп, ийин бүтөлө баштады только-только стали сытыми и одетыми; ак ийин или оролмо тоонун ак ийин охот. один из видов беркута; ийини менен тынып дем алды он испуганно дышал; ийин менен тынып, отуруп калды он растерялся, не мог ничего ответить; ийин ич подоплёка рубахи; ийин жыгач чуйск. коромысло (для переноски вёдер). ийин II нора; ийини или ийни его нора; түлкү ийнин карап үрсө, котур болот погов. если лиса лает, повернувшись к своей норе, она паршивеет (о человеке, который охаивает свой народ, свою родину); ичип-жеп, ийинге кирет загадка попив, поев, в нору входит (отгадка бычак, кын нож с ножнами); барар жерим, батар ийиним жок у меня нет пристанища, нет прибежища (букв. нет места, куда бы я пошёл, нет норы, куда бы я вошёл).
Iзат. Моюндан кол сөөгүнүн жогорку башына чейинки аралыкты ээлеген адамдын денесинин бир бөлүгү. Сартбаевадатынчаэкиийнинбирдейкуушуруп, күлөсүйлөдү (Сыдыкбеков). Боз шинелди үч бүктөп, оң ийнине салып койгон (Сыдыкбеков).
¨Ийинбүтөлүү — бүтүн кийим кийүү, кийими бүтөлүү, жыртык болбоо.
ИЙИНIIзат. Айбанаттардын жерди казып жасап алган баш калкалоочу жайы.
Моюндан кар жиликтик жогорку башы орношкон жерге чейинки аралык, акыректин үстү. Куттуктайм! – деп Бекжан Карыпты эки ийинден алып силкилдетти (Абдукаримов). Боз шинелди үч бүктөп оң ийнине салып койгон (Сыдыкбеков).
(таанд. м. ийни) 1. Жапайы жаныбарлардын (суур, чычкан, түлкү ж. б.) жерди казып жасап алган баш калкалоочу жайы. Ийинден алыс узабай, Суурлар жүрөт чыңкылдап (Осмонкул). 2. өт. Эптеп жашап туруучу, корголоп бекинүүчү жай. Таба албайсың беш каман, Корголорго ийинди (Токтогул). Же кабар албай душмандан, Ийинге экөөң кирдиңби. («Эр Табылды»).
Абдан коркутуу, кысым көрсөтүү. В.: Ийнине киргизүү. «Манас», «Семетей» дастандарында чачылган кыргызды бириктирип, баскынчы душмандарды ийнине киргизип... элдин улуттук өзүнчөлүгүн коргогон окуялар кеңири сүрөттөлөт (Бейшеналиев).
остатки молока в вымени после доения; күрөң уйдун музоосун агытып, кийинки ийиндисин эмизип жаткан эле она отпустила телёнка тёмно-рыжей коровы и подпустила, чтобы он досасывал.
Иштин көзүн таанып, маңызын чыгара жасоо, тыңгылыктуу бүтүрүү, кынтыксыз иштөө, таасын аткаруу. Бир иштин соңуна түшкөндө ийин чыгара иштейбиз деп балам экөөбүз убада берген элек («Кыргызстан маданияты»). Ал куйкум сөздү ийине жеткире сүйлөгөн куудул адам болгон («Кыргызстан маданияты»).
Иштин көзүн таанып, маңызын чыгара жасоо, тыңгылыктуу бүтүрүү, кынтыксыз иштөө, таасын аткаруу. Бир иштин соңуна түшкөндө ийин чыгара иштейбиз деп балам экөөбүз убада берген элек («Кыргызстан маданияты»). Ал куйкум сөздү ийине жеткире сүйлөгөн куудул адам болгон («Кыргызстан маданияты»).
Көңүлүн калтырбоо, айтканына макул болуп, шагын сындырбай, өтүнүчүн орундатып коюу. Ийимди жандырбаңыз, шагым сынбасын (Убукеев). Апай эне маңкайып, өзүлөрүнүн санжыргалуу жаштыгын, ото шарапат ушуга дейре ийин жандырбай дөөлөттүү жашашканын кыйытты (Бейшеналиев). Балдардын ийин жандырбай аягына чыгайын деген ниетте уланта берди (Бейшеналиев).