ИЙИН ЖАНДЫРБОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Көңүлүн калтырбоо, айтканына макул болуп, шагын сындырбай, өтүнүчүн орундатып коюу. Ийимди жандырбаңыз, шагым сынбасын (Убукеев). Апай эне маңкайып, өзүлөрүнүн санжыргалуу жаштыгын, ото шарапат ушуга дейре ийин жандырбай дөөлөттүү жашашканын кыйытты (Бейшеналиев). Балдардын ийин жандырбай аягына чыгайын деген ниетте уланта берди (Бейшеналиев).