Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Моюндан кол сөөгүнүн жогорку башына чейинки аралыкты ээлеген адамдын денесинин бир бөлүгү. Сартбаев адатынча эки ийнин бирдей куушуруп, күлө сүйлөдү (Сыдыкбеков). Боз шинелди үч бүктөп, оң ийнине салып койгон (Сыдыкбеков).
¨ Ийин бүтөлүү — бүтүн кийим кийүү, кийими бүтөлүү, жыртык болбоо.
ИЙИН II зат. Айбанаттардын жерди казып жасап алган баш калкалоочу жайы.