Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көңүлүн калтырбоо, айтканына макул болуп, шагын сындырбай, өтүнүчүн орундатып коюу. Ийимди жандырбаңыз, шагым сынбасын (Убукеев). Апай эне маңкайып, өзүлөрүнүн санжыргалуу жаштыгын, ошо шарапат ушуга дейре ийин жандырбай дөөлөттүү жашашканын кыйытты (Бейшеналиев). Балдардын ийин жандырбай аягына чыгайын деген ниетте уланта берди (Бейшеналиев). В.: Ийин суутпоо. Ийин суутпай жанына турдум (Бейшеналиев). Көчүрүп алууга ниеттенгендердин ийин суутпай колмо кол бермей болду (Бейшеналиев). Ийрин жандырбоо. Балдардын ийрин жандырбай билгендериңизди толук айтып бериңиз, аксакал («Кыргызстан маданияты»). Ийин кайтарбоо. Ийиңди кайтарбасына көзүм жетти (Бейшеналиев). Кайрылгандардын ийин кайтарбай, билгендериңизди тартынбай, суроолоруна толук жооп бересиз (Бейшеналиев).