подражательное слово, выражающее мгновенное и неожиданное действие; жылт коюп, жок болду он ускользнул, улизнул, смылся; күн, жылт коюп, уясына кирди солнце, сверкнув, закатилось; караңгыда от жылт этти в темноте блеснул огонь; от жылт эте түштү блеснул, мелькнул огонёк; жылт этип, күлүп койду он вдруг усмехнулся; суу бойлой жылт-жылт жанган оттор огни, поблёскивающие по берегу реки; жылдыздай жылт-жулт этет поблёскивает, как звезда; жылт бер- или жылт эт- шарахнуться, быстро отскочить; шмыгнуть; дагы бир түн кетти, жылт агып ещё одна ночь ушла незаметно; жылт этме разг. шутл. керосин.
туур. Кыймыл-аракеттин тездигин, күтүлбөгөн жерден көрүнө калуу, жок болуп кетүү же жарыктын чагыла түшүү учурун билдирүүдө колдонулуучу тууранды сөз. Жылт этүү. Жылт коюу. Жылт-жылт жанган от. ¨ Жылтэтме — жылт коюп жүрүп кетме, карматпаган, колго жукпаган куу.
1. Оттон, нурлуу, жылтырак ж. б. нерселерден аз гана же чукул гана жарык, нур, шоола көрүнө калышын, чагылышын же тез-тез кайта-кайта көрүнө калышын билдирүүдө колдонулат. Боз үйдүн төбөсүнөн чыккан оттун учкундары жылт-жылт этип жок болууда (Жантөшев). Караңгыда жылт эткен оттун жарыгынан башка эч нерсе көрүнбөйт (Каимов). 2. Кыймыл-аракеттин өтө тез же күтүлбөгөн жерден болушун билдирүүдө колдонулат. Жылдызкан жылт коюп жүгөрүнүн арасына кирди (Байтемиров). Бура тартып жылт берип, Түлкүдөй болуп мант берип («Манас»).
Заматта көзгө көрүнбөй калуу, арыдан бери жок болуу, көрүнбөй кетип калуу. Ал киши жылт берип кеткен (Бектенов). Окууга тоң моюндары ошол эле күнү жылт берди (Өмүрбаев). В.: Жылт коюу. Түбү жедеп күнгө какшыган жүгөрүнү отогондон укмуштай тажап, канткенде жылт койсом деп кыйпычыктай баштады («Кыргызстан маданияты») – Э-э, өзүбүз ак жолборстун токоюнда жүрүп, жылт койгондо кайда барабыз?! (Касымбеков).
3аматта көзгө көрүнбөй калуу, арыдан бери жок болуу, көрүнбөй кетип калуу. Ал киши жылт берип кеткен (Бектенов). Окууга тон, моюндары ошол эле күнү жылт берди (Өмүрбаев).
к. ЖЫЛТ БЕРҮҮ
Түбү жедеп күнгө какшыган жүгөрунү отогондон укмуштай тажап, канткенде жылт койсом деп кыйпычыктап турганда («Кыргызстан маданияты») - Э -э, өзүбүз ак жолборстун токоюнда жүрүп, жылт койгондо кайда барабыз?! (Касымбеков).
этиш. Жылт-жылт этүү, жылт этип көрүнүү. Күн баткандан кийин тоо этегиндеги ээн талаадан от жылтылдады («Советтик Кыргызстан»).[Шахтада].. көздөрү гана жылтылдаган грузчиктер шамдагай кыймылдап жатышат (Сыдыкбеков).
Жылт-жылт этүү, жылт этип көрүнүү. Шаардын анда-санда жеринен жылтылдап от чыгат (Элебаев). Жылтылдап нечен ирет бир заматта Жылдыздар күлүңдөшөт мени карап (Үмөталиев).
понуд. отжылтылда-; балдардын от жылтылдатып жаткандарын көрдү он заметил, что дети развели огонь; ташып аккан суу, жылтылдатып, көбүк чертет полая вода подбрасывает поблёскивающую пену; жылтылдатып ат минди он красуется на коне.
блестеть, сверкать; мөңгүдөй жалтырап, күмүштөй жылтыраган сверкал как ледник, блестел как серебро; кан агып турат жылтырап фольк. кровь течёт поблёскивая.
изень, кохия распростёртая (растение); жылтыркан, шыбак кошулуп, койдун жери Ала-Тоо фольк. (здесь) соединились изень и полынь - овечье (удобное для овец) место Ала-Тоо.
Ташка чыккан шыбактын бир түрү жылтыркан аталат. Анын жалтыркан варианты да бар. Бул сөз жалбырагынын жылтыраган түсүнө карата айтылышы мүмкүн. Жылтыр сөзүнө -кан мүчөсү уланган. Мындай мүчө өсүмдүктөрдүн атын билдирүүдө кеңири пайданылат. Мисалы: балтыркан, караган ж. б.