Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жылтырак келген, жылма келген кыска (чач, жүн жөнүндө). Айымкан баласынын жылбырска кара чачын сылагылайт (Осмоналиев). 2. Ара туулган, ичтен өлүү түшкөн малдын төлүнүн жүнү өтө кыска териси. Атабек ара туулуп өлгөн жылбырска кара козунун терисин берди (Жантөшев).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Убагы жетпей туулган козу-улактын териси жылбырска аталат. Бул сөз моңгол тилинен кабыл алынган. Моңголчо зулбаска (МРС, 204) сөзү кыргыз тилине кабыл алынганда с тыбышынын алдына р тыбышы ашыкча кошулган. Кыргыз тилинде жылбыска түрү да кезигет. Ал түрү моңголчо оригиналына жакындык кылат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
жалбырска менен бирдей. Биздей каракесек муну эшиткенде эмне майнап? – деп карт мерген башындагы чаарчыктын чапкил жылбырскысынан үч эли кылып кырдалган телпегин чекесинен желкесине жылдыра маңдайын сылады (Абакиров).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Сыйгалануу, тайгалануу, токтобой жылып түшүп кетүү. Чокойдун таманы жылбышып тайгалана берди (Аалы). Керез атынан жылбышып түшүп, агытып жиберип, үйүн көздөй жылт коюп качып жөнөдү (Бейшеналиев).