ир. корпус, тело; дене тарбиясы уход за телом; тренировка тела; уст. физкультура; геометрия денеси геометрическое тело; дене кул см.кул дений- разглаживаться (напр. о морщинах).
зат. Тулку бой, ден. Эркекыздын денеси калтырап, көзү чакырайды (Байтемиров). Баягы балканактай эткээл дене да жок (Байтемиров).
♦ Денетарбиясы; — физкультура. Жаш балдардын дене түзүлүшүнүн туура өсүшүндө дене тарбиясынын ролу чоң (Сыдыкбеков). Денекул — ата-бабасынан бери байга кызмат кылып, кул болуп өткөндөр. Калың кара журтуңду, Дене кул кылып кетпесин («Манас»). Алардан калган балдарды, Дене кул кылып алганы («Манас»).
Бир нерседен чочуп, же коркуп кеткендей жыйрыла түшүү. Алдыңкы орунда керилип чоң отуруп баратса, дене боюң дүр этет, зыңкыя катып тура калгың келет (Айтматов).
Бир нерседен чочуп же коркуп кеткендей жыйрыла түшүү. Алдыңкы орунда керилип чоң отуруп баратса, дене боюн дүр этет, зыңкыя катып тура калгың келет (Айтматов).
ДЕНЕ ЖАЗА – байыркы жана орто кылымдардагы укуктарда соттолуучуну уруп-сабоо менен азап көргөзүү чарасы. Мүчөгө зыян келтирүүчү – тил кесүү, таноо жыруу, манжа кыркуу ж. б.; кыйноочу – шапалак, камчы, тал менен сабоо, балак алуу; шылдыңдоо – мазак түркүгүнө байлоо, тамга салуу болуп бөлүнгөн. Биркатар европа өлкөлөрүндө ХХ кылымдын башына чейин сакталып келген. Россияда 1863-жылы жарым-жартылай алып салынган, 1904-жылы кылмыш жаза катары такыр жоюлган. Азыркы учурда Д. ж-сы кээбир өнүгүп келе жаткан, өзгөчө шарият колдонулган мамлекеттерде колдонулууда.
АКЧА БИРДИГИ – улуттук акча тутумунун катышы, өлкөнүн аймагында бирдей наркта милдеттүү түрдө кабыл алына турган мыйзамдуу төлөм каражаты. КР ырасмий А. б. – сом. КР аймагында башка А. б -н киргизүүгө жана акча суррогаттарын чыгарууга тыюу салынган. КР аймагында башка А. б. (чет өлкө валютасы) менен эсеп-кысап жүргүзүү шарты менен тартиби мыйзамдар тарабынан аныкталат.
Өлкөнүн акча бирдиги (Monetary unit) —Өлкөдө мыйзам негизинде белгиленген акча белгиси,өлкөнүн акча системасынын акчалай өлчөө бирдиги болуп саналган негизги элементи.
АКЧА МАССАСЫ – 1) жүгүртүүдө турган акча белгиси; 2) жеке жана юридикалык жактардын эсеби менен аманаттарында турган акча каражаты; 3) банктардын ж. б. аткарыла турган шартсыз акча милдеттенмелери.
АКЧА РЕФОРМАСЫ – акча жүгүртүүсүн тартипке салуу жана бекемдөө максатында мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн акча тутумун толук же жарым-жартылай кайра түзүү. А. р. аргандай таризде жүргүзүлөт: валюта деноминациясы; эски акча бирдигин жаңы менен алмаштыруу же жарыша алпаруу; айрым акча белгисин жаңы үлгү менен алмаштыруу, аны менен бирге эле улуттук валютаны девальвациялоо же ревальвациялоо ж. б.
Акча системасы (Monetary system) —Өлкөнүн акча белгилеринин, акча бирдиктеринин, акча эмиссиясынын эрежелеринин жана жүгүртүүформаларынын, өлкөдө мыйзамдык негизде белгиленген акча мамилелеринин жыйындысы.
АКЧА ТУТУМУ – өлкөдөгү акча жүгүртүмүн уюштуруу таризи. Ага төмөнкүлөр кирет: ырасмий акча бирдиги; накталай акчанын эмиссия тартиби; акча жүгүртүмүн уюштуруу жана жөнгө салуу.
АКЧА ЖҮГҮРТҮМҮ – товарлардын, товардык эмес төлөмдөр менен эсептердин айлануусун тейлеген, ошондой эле товардык эмес төлөмдөр менен эсептешүүлөр. А. ж-нүн 2 түрү бар: а) накталай акчанын т. а. банкнот менен тыйындын жүгүрүүсү; б) накталай акча белгиси төлөм каражаты болбостон, бир субъектинин банк эсебине башка субъектинин бул же тиги банк мекемесиндеги эсебинен белгилүү бир өлчөмдөгү каражатты которо турган накталай эмес акча жүгүртүүсү (кара: Накталай эмес
эсептешүүлөр ).
Акча-кредит саясаты (Monetary policy) —Борбордук банктын акча сунушун, банк тутумунан экономикага келип түшкөн кредиттик агымдарды жана акча рыногундагы пайыздык чендерди жөнгөсалуу аркылуу анын негизги максатына жетишүү үчүн багытталган саясат.
АКЧА-КРЕДИТТИК САЯСАТ – экономикалык өсүштү жөнгө салууга, акча кунунун түшүп кетүүсүн токтотууга, төлөм каражатынын иштөөсү менен теңелүүсүн камсыз кылууга багытталган акча жүгүртүмү менен кредит чөйрөсүндөгү ишчаралардын жыйындысы; мамлекеттин өндүрүш жүрүмүнө кийлигишүүсүнүн өтө зарыл усулунун бири катары кызмат кылат. КРУБ сомду коргоого жана анын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик А-к. с-ын жүргүзөт.
АКЧА-КРЕДИТТИК ЖӨНГӨ САЛУУ – мамлекеттин экономикалык жүрүмдөрүнө таасир эте турган негизги каражаттарынын бири. КР экономикасынын А-к. ж. с. КРУБ тарабынан иштелип чыгып, КР Өкмөтү менен бирдикте ишке ашырылат. КРУБдун жөнгө салуу тартиби: милдеттүү кор ченеми менен кредит боюнча эсептик өлчөмүн аныктайт, коммерциялык банктар үчүн экономикалык чен-өлчөмдөрдү белгилейт, баалуу кагаздарды чыгарат жана аны менен баардык аткарымдарды жасайт.
АКЧА БЕЛГИЛЕРИ – нарк белгиси; жүгүртүүгө белгилүү бир сандагы баалуу металлды жайгаштырат. Баалуу металлдан куюлган тыйындар (КРде жок) же кагаз акча менен банк билеттери да А. б. катары эсептелет.
АКЧА КАРАЖАТЫ – чарбачылык субъекттердин чарбачыл жүгүртүмүндө такай жүргөн банк эсептеринде акчалай таризде топтоштурулган кирешелери жана түшкөн каражаттары.
АКЧА СУРРОГАТТАРЫ – мыйзамдарда каралбаган жана айрым жактар тарабынан өз бетинче киргизилген акча белгилери. Ырасмий акча белгилеринин жетишсиздигинен (негизинен) улам пайда болот.
Акча мультипликатору (Monetary multiplier) —Акча-кредит системасына салынган аманаттардын көбөйүүсүнүн же кыскарышынын натыйжасында акча сунушунун бир акча бирдигине канчалык өсөрүн же кыскарышын көрсөткөн сандык коэффициент. Акча мультипликатору акча массасынын акча базасына карата катышы катары эсептелинет.
АКЧА КОТОРУМУ – которумда көрсөтүлгөн жакка белгилүү өлчөмдөгү акчаны төлөп берүү жөнүндөгү телетайп, телеграф, телефакс байланышы аркылуу же мындай тескеменин аныктыгын камсыз кылуучу башка байланыш каражаттарын пайдалануу менен түзүлгөн жазуу жүзүндөгү тескеме. Кредит жана почта-телеграф мекемелери А. к-н өздөштүрөт. А. к. алуучунун аты-жөнү, дареги көрсөтүлүү менен, тийиштүү мекемеге белгиленген өлчөмдөгү акчаны чегерүү жолу аркылуу ишке ашырылат.
Банк эсебин ачуусуз акча которуу (Money transfer without opening of bank account) —Акча каражаттарын которуу, улуттук же чет өлкөвалюталарында нак акча каражаттарды жеке адамдан кабыл алуу жана Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары акча которуу системасы аркылуу көрсөтүлгөн жеке адамга (алуучуга) өткөрүп берүү жолу менен банк тарабынан жүзөгө ашырылган банктык операция
Акча рыногу (Money Market) —Катышуучулар чөйрөсү алкагында кредиттер жана баалуу кагаз түрүндө кыска мөөнөткө каражаттарды берүү жана алуу ишке ашырылган рынок.
Денежный рынок Акча рыногу —Кредиттер жана баалуу кагаздар формасында кыска мөөнөттүү ресурстар рыногу
Эч нерсеге эрки жок, кыңк этпей баш ийген, каалаган буйрукту аткаруучу, өмүр бою бирөө үчүн иштеген адам. Калың кара журтуңду, Дене кул кылып кетпесин («Манас»). Алардан калган балдарды, Дене кул кылып алганы («Манас»).
Эч нерсеге эрки жок, кыңк этпей баш ийген, каалаган буйрукту аткаруучу, өмүр бою бирөө үчүн иштеген адам. Калың кара журтуңду, Дене кул кылып кетпесин (“Манас”). Алардан калган балдардыДене кул кылып алганы (“Манас”).
1. Баш көтөртпөй багынтуу. 2. Эс-акылга ээ кылдырбай баш ийдирүү. 3. Түбөлүк баш ийүү. 4. Башын байлап алуу. Бул мертебе Жаабарсын денекул кылмак тагдырга таарына турган жолу жок (Айтматов).
ДЕНЕТАРБИЯ МАДАНИЯТЫ – адамдын денебой жактан өнүгүүсү менен денсоолугун чыңдоо максатында коом тарабынан түзүлүүчү, өнүктүрүлүүчү, колдонулуучу руханий жана материалдык баалуулуктардын жыйындысы болуп саналган маданияттын курамдык бөлүгү, социалдык иш-аракет тармагы.
ДЕНЕТАРБИЯСЫ – дени сак, денебой жана руханий жактан өнүккөн, адеп-актык жактан таза муунду түзүүгө, адамдын денсоолугун чыңдоого, ишке жөндөмдүүлүгүн арттырууга, чыгармачылык мөөнөтү менен өмүр жашын узартууга багытталган педагогикалык уюштурулган жүрүм.