Киргизско-русский словарь Юдахина
башта I
прежде, раньше;
башта күндөн с самого начала, с первого же дня, давно;
ай, айланайын Канчоро, башта күндөн билесиң фольк. о, милый Канчоро, ты давно (это) знаешь.
башта- II
1. начинать;
баштап с предшеств. исх. п. начиная от...; начиная с...;
жекшембиден баштап начиная с воскресенья;
энеси баштап, отурган элдин бардыгы макул алды фольк. все присутствующие, начиная с матери, одобрили;
башын баштап, аягын таштап кеткен начать-то он начал, да потом бросил;
Манас баштап кырк чоро оюн баштап жайкыдай фольк. сорок витязей во главе с Манасом начали игру, как летом;
2. возглавлять, руководить;
Белек баштаган бир топ киши группа людей во главе с Белеком;
жол башта быть путеводителем;
көч башта- см. көч I;
3. то же, что башмакта-.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I такт. А дегенде, мурун, мурда, илгери. Ал башта райкомдо иштеген адам экен (Сыдыкбеков).
БАШТА II этиш. 1. Ишке, аракетке жаңыдан киришүү, өтүү. Ашыкпа, Наке, шашпагын, Кызык өрнөк баштагын (Тоголок Молдо).
  1. 2.                  Ээрчитүү, багыт алдыруу, башчылык кылуу, жол көрсөтүү, жетекчилик кылуу. Жол башта. Көпчүлүктү баштап, тартипке салуу.
  2. 3.                  Бут кийимдин башын кайрадан жаңыртып тигүү, кончуна жаңы баш салуү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мурун, мурда, а дегенде. Башта Садык келе жатканда алда кайдан ызаат кылып, кол сунуп туруучу (Байтемиров). Борис Айнанын сурмалуу көзүнө жарашып турган кара кирпиктерин башта эле жакшы көрүүчү (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кыймыл-аракетке, ишке, айтууга ж. б. киришүү. Түтүнүнө мал союп, Тойду баштап салышты («Мендирман»). Эртеңден баштап колхоздун курулушун баштайбыз (Сыдыкбеков). 2. Биринчи болуп журүү, алдында жүрүү, кандайдыр бир иштин башталышында биринчи болуп киришүү. Эркек бала өңөрүп, Жеңекем көчтү баштаптыр («Эр Табылды»). Шамбет-байкем өзү баштап кетменин таптаган (Сыдыкбеков). || Башында болуу, башкысы болуу. Бир жагында ордонун Манас баштап кырк чоро («Эр Төштүк»). Ат баштап, акча-пул берип, Кезегинде мен турдум (Саринжи – Бөкөй»). || Жол көрсөтүү, ээрчитүү, багыт алдыруу, башчылык кылуу, жетекчилик кылуу. Баштап жүргөн киши метрого түшүүгө кеңеш берди (Байтемиров). Бүгүн бизди саякатка мугалимдер баштап чыгышты (Сыдыкбеков). 3. Чакчыл формада: баштап. Чыгыш жөндөмөдө турган сөздөрдү жандап кыймыл-аракеттин белгилүү бир мезгилден башталгандыгын билдирүүдө колдонулат Күздөн баштап кызым Динар мектепке жаңы бара баштады (Сыдыкбеков). Эртеңден баштап колхозчуларга эмгек акы берилет (Жантөшев). 4. Бут кийимдин, көбүнчө өтүктүн же масынын башын жаңыртып, жаны баш салуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мурункудай, мурдагыдай. Табылды оорудан аман-эсен айыгып, тору этине толо албай, баштагыдай боло албай жүрдү («Эр Табылды»). Малдар өз короолоруна тегиз кирген кезде кыштак кайра баштагыдай тынчый түшөт (Каимов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от башта- II
1. формой головы быть похожим на кого-что-л.;
бөрү башганган имеющий голову, как у волка;
бала жолборс баштанган с головой тигрёнка;
2. взять наплравление;
ак каңкыны жазданып, кыбыланы баштанып фольк. подложив под голову седло, (лёг) головой в сторону киблы (см. кыбыла);
иш оңуна баштанды дело пошло на лад;
3. задумать, возыметь намерение;
ата турган баштанып, мылтыгын бетине алыптыр фольк. с намерением выстрелить он приложил ружьё к своей щеке;
урушчу баштанып турат он как будто намерен драться;
кетпей калчу баштанып турам я начинаю подумывать о том, чтобы мне не уезжать;
дал болгон баштанып как громом поражённый.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Башын белгилүү бир жакка баштап жатуу, башын коюу, багыт алуу. Калмак ээрди жазданып, Күн чыгышты баштанып, Алп уйкуну салыптыр («Манас). 2. Бир нерсенин кебете-кейпине окшоо, кейиптенүү. Бордоку күрпөң баштанып Кел эми мага тең келгин (Осмонкул). 3. Кандайдыр бир ишти иштөөгө, аткарууга пейилденүү. Ал уруша турган баштанып турат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Башынан, башталышынан. Кайра баштан залимге, Кармалам деп чочунам (Токтогул). Айтылат баары бир баштан, Адамдардын мүнөзү (Тоголок Молдо). // Кайра башынан түшүү, кайта кайталоо. Ал ишти кайра баштан баштай турган болду.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Турмуштун көп нерселерине (чоң кырсыкка, оор кайгыга, же жыргалчылыкка ж.б.) дуушар болду деген мааниде. Оор эмгек, кайгылуу турмушту баштан өткөрүп чоңойдум (Жантөшев). Көрдүк бейм баштан өткөрүп, Кесирлүү жаат урушун (Тоголок Молдо). В.: Баштан кечирүү. Акындын жаштыгы катмар тоолордун ар жагындагы көрүнбөс дүнүйөдөй баштан кечирген кууралы, жыргалы менен алыстап далдоого сорулду (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Турмуштун көп нерселерине (чоң кырсыкка, оор кайгыга же жыргалчылыкка ж.б.) дуушар болду деген мааниде. Оор эмгек, кайгылуу турмушту баштан өткөрүп чоңойдум (Жантөшев). Көрдүк бейм баштан өткөрүп, Кесирлүү жаат урушун (Тоголок Молдо).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Баш аман калса болду, башканын кереги жок, кечтим, калганы эч нерсе эмес деген сыяктуу бирөөлөрдүн көңүлүн улоо же өзүн-өзү сооротуу маанисинде. Бир токол башыңдан садага, унчукпай тын дедиң. Тындым (Бейшеналиев). - Башыңыздан садага, бай, шумкардын канаты сыныптыр, араң эле жаны бар, -деди Кыяз (Эшмамбетов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Баш аман калса болду, башканын кереги жок, кечтим, калганы эч нерсе эмес деген сыяктуу бирөөлөрдүн көңүлүн улоо, же өзүн-өзү сооротуу маанисинде. Бир токол башыңдан садага, унчукпай тын дедиң. Тындым (Бейшеналиев). – Башыңыздан садага, бай, шумкардын канаты сыныптыр, араң эле жаны бар, – деди Кыяз (Эшмамбетов). В.: Баштан кулак садага. – Суранбай ал атымдын жал-куйругун алтындап алып келсе да албаймын. Баштан кулак садага! (Сыдыкбеков). Башы-көздөн садага. Жоголсо мейли, баштан-көздөн садага, – деп, анын көңүлүн улап койду (Тойбаев). Башка садага. Мейли мал-башка садага («Кыргызстан маданияты»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от баштан-
1. заставить повернуть голову;
2. заставить взять какое-л. направление;
кыбыланы баштантып фольк. повернув его голову в сторону киблы (см. кыбыла);
3. подложить что-л. под голову; положить голову на что-л.;
башын жумшак баштантып фольк. положив его голову на мягкое.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШТАПКЫ ДАЛИЛ – алгачкы булактардан алынган далилдер. Алар көргөн күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн, чыныгы документердин жардамы, кандайдыр бир из калтырылган буюмдарды кароо жолу аркылуу алынган чыныгы далилдер болушу мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШТАПКЫ ЭНЕРГЕТИКАЛЫК РЕСУРСТАР (МҮМКҮНЧҮЛҮК) – отун катары пайдаланылуучу (мунайзат, табигый газ, күйүүчү сланец, көмүр, көң) жана кубаттын башка түрүн алуу үчүн колдонулуусу мүмкүн болгон (ядролук отун, суу жана күн кубаты, шамал менен кайнар булактардын кубаты) табигый абалдагы ресурстар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШТАРТУУ КЕРЭЭЗИ – мурастоо укугунда керез ээси өзүнүн мураскоруна бир же бирнече жактын (баштартуу алгандардын) пайдасына кандайдыр бир милдетти аткаруу боюнча керээз калтырууга акысы бар. Алар Б. к-нин аткарылышын талап кылуу укугуна ээ болот. Мыйзам боюнча мураскорлордун катарына киргендер да, кирбегендер да баштартуу алышы мүмкүн. Б. к. жүктөлгөн керээз ээси мураскерден калган карыздардан сырткаркы мурас мүлктүн чыныгы наркына жараша гана өз милдетин аткарат. Мураскер турак үйдү, ижараны же дагы башка туракжайды алган мураскерди ал жайды же анын бир бөлүгүн башка бирөөнүн түбөлүк пайдалануусуна берүүгө милдеттендирүүгө акысы бар. Туракжай менчик укугунун андан ары өзгөрүшүнө карабастан, анын тийешелүү бөлүгүн түбөлүк пайдалануу укугу өз күчүн сактап кала берет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от башта- II;
Бокмурун көчтү жөнөттү, Каркырага баштатып фольк. Бокмурун отправил кочёвку (см. көч I) в сторону Каркары;
жол баштат- заставить кого-л. идти впереди и указывать путь; дать или взять кого-л. в качестве проводника;
желге жол баштатып кетти он ушёл, сделав предводителем ветер, он пошёл рыскать по белу свету.