Киргизско-русский словарь Юдахина
только в форме деепричастие прош. вр.
действовать скопом, всем сразу, разом;
тамакты барылап ичели поедим все вместе; приступим все вместе к еде;
машинанын артынан барылап түртүп подталкивая машину все разом.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. издавать треск, клокочущие звуки;
автомобиль арылдайт, паровозу барылдайт фольк. автомобиль (там) гудит, паровоз рявкает;
барылдаган үн густой (и приятный) голос (мужчины, мальчика);
бала барылдап ыйлап атат ребёнок ревёт (на низких нотах);
чоң сары самовар барылдап кайнап жаткан большой жёлтый самовар бурно кипел (фыркая);
карангыда аттардын барылдаган бышкырыгы угулду в темноте слышалось непрерывное громкое фырканье лошадей;
от барылдап күйөт огонь горит бурно и с треском;
кызыл короз кыргоолу токойдон учуп барылдап фольк. красный фазан-петух вылетает с треском из зарослей;
2. перен. говорить громким низким голосом, говорить на басовых нотах.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. бессмысленное, громкое бормотание на басовых нотах;
2. пустомеля (с низким голосом);
дарылдак болмоктоя барылдак болсо да, өз атасы өзүнө жакшы да пусть он крикун, пусть пустомеля, но свой отец (всё равно) хорош.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ист.
баранта (набег с целью угона скота у обидчика или у его родичей, причём часть скота шла на убой и расходовалась без всякой бережливости; отсюда - нижеприводимые примеры);
барымтага келген малдай кылып или барымтанын малындай кылып растранжиривая направо и налево;
барымтага кеткендей пайдасы жок бар малың стих. (из дореволюционной жизни) от скота твоего (тебе) нет пользы, как если бы он был (у тебя) забарантован.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Жоолашкан уруулардын өз ара доосу үчүн кармалып калган мал, жан. Мына, биз барымтадан бошоп, эми силер кетип баратасыңар (Абдукаримов). Барымтага бир кеткен Пайдасы жок бар малың (Тоголок Молдо).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАРЫМТА – 1) жарандык укукта милдеттенмени камсыз кылуунун негизги ыкмаларынын бири. Б-га ылайык барымта менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча кредитор (барымта ээси ) карызкор тарабынан бул милдеттенме аткарылбай калган, тийешелүү түрдө аткарылбай калган учурда ал мүлк таандык болгон жактын (барымта берүүчүнүн) башка кредиторлоруна караганда Б-га коюлган мүлктүн наркынан, мыйзамда белгиленген чыгарып салуулардан кийин, канаттандыруу алуунун артыкчылыктуу укугуна ээ болот. КР жарандык мыйзамдары күрөөлөө (күрөөканага буюмдарды барымталоо ), ипотека, ошондой эле укуктардын, баалуу кагаздардын жана акча каражаттарынын барымталануусу Б. катары болушу мүмкүн деп айырмалайт; 2) кылмыш ишинде Б. айыпкер тарабынан дагы бир соттолуучу аракеттер кылынбашына кепилдик катары соттолуучу өзү же башка киши же уюм тарабынан атайын эсепке төгүлгөн акча каражаттары, тыюу салуу чарасы. Б. оор кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталуучуларга колдонулбайт. Б.-нын суммасы тыюу салуу чарасын тандаган орган тарабынан аныкталат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жоолашкан тараптан тийип алынган мал, же доо үчун кармалган мал, жан, буюм. Барымтага бир кеткен Пайдасы жок бар малың (Тоголок Молдо). Азырынча төрт сом барымтага кармата турам (Бейшеналиев). Улуктар элге өчөшүп, карыяларды барымта катарында кармап жатышпайбы (Абдукаримов).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Жоготкон же алдырып койгон малын, дүнүйөсүн башка бирөөдөн тапкандыгын далилдөө үчүн анын орчундуу бир нерсесин кармап алып коюучулук салты барымта аталат. Барымтага малы кармалып калган киши өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдесе, кайра кайрып алат, далилдей албаса алдырган бойдон кала бериши мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАРЫМТА АДАМ – мамлекетти, уюмду же айрым адамдарды кандайдыр бир аракеттерди жасоого аргасыз кылуу же андан баштартууга мажбурлоо максатында колго түшүрүлгөн жана/же кармалып турган жеке адам.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАРЫМТА БЕРҮҮЧҮ – барымта менен кепилденген милдеттенмеге карата үчүнчү тарап болобу, же карыз алуучунун өзүбү, мүлктү барымтага берүүчү жак. Б. б. барымта менен кепилденген милдеттенме боюнча карыздар өзү да, болбосо ал милдеттенмеге катышы жок үчүнчү адам да боло алат. Буюмдарды Б. б. алардын ээси, же болбосо ага карата чарба жүргүзүү укугу бар адам болушу мүмкүн. Буюмдар менен чарба жүргүзүү укугу бар адам аларды менчик ээсинин макулдугу менен барымтага коюуга укуктуу. Мүлктүк укукту барымтага берүү ал укук таандык болгон адамда болот.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ист.
люди, находящиеся в таких отношениях, которые допускают или требуют совершения баранты (см. барымта) друг у друга;
жарды менен жоолаш болгончо, бай менен барымталаш бол погов. чем воевать против бедняка, лучше барантовать против богача.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАРЫМТА МИЛДЕТТЕНМЕСИ – зайым алуучу кредитор барымта менен камсыз кылынган милдеттенмени аткарабай койгон учурда анын өз доосун барымтага коюлган мүлктүн наркынан канагаттандырып алуудагы артыкчылыгын бышыктаган документ.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАРЫМТАНЫ КАТТОО – мурун мындай барымтаны каттабаган ошол барымта кармоочунун кредиторлорунун үстүнөн артыкчылыктарга ээ кылуучу, ал аркылуу барымта коюучу менен күрөө кармоочунун ортосундагы барымта жөнүндө келишим мүлктүк укукка өткөн, ошондой эле аргандай үчүнчү жактарга карата да артыкчылыктарга жеткирген жолжобо.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАРЫМТА ТАСТЫКТАМАСЫ – товар жүктөп жөнөтүүдө которум векселине кошулуп жазылып берилүүчү документ. Банк-векселди көрсөтүүчү же улам кийинки акцептелген векселдин кармоочусу төлөөчү векселди жоюудан баш тарткан учурда көрсөтүлгөн товарды сатып ийүүсүнө ыйгарым укук берет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАРЫМТА ЭЭСИ – көрсөтүлгөн милдеттенмеге укугу барымта менен камсыздалган жак. КР жарандык мыйзамдары боюнча Б. э. эгер ал өзүнүн жоопкерчиликтен кутулушу мүмкүн экендигин далилдей албаса (айыпсыздыгына же ал жетпес күчтөрдүн аракеттерине байланыштуу) ага берилген барымтанын толук же айрым зыян тартуусуна же бузулушуна жооптуу болот.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАРЫП-КЕЛҮҮ КАТТАМЫ (англ. singletrip charter ) – кире жалдоочуга бүтүндөй кеме же кеменин айрым жайлары берилген деңизде жүк ташуу келишими. Жүк ал үчүн жооптуу капитандын чечими боюнча, ошентсе да эгер андай каттамда көрсөтүлсө, конкреттүү аталыштары бар кеме жайларында жана башка жүктөр менен аралаштырбастан жайгаштырылат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
барыш I
и. д. от бар- IV
хождение; поездка;
барыш кайда? куда путь держишь?
барыш жөндөмө грам. дательный падеж,
барыш- II
взаимн. от бар- IV;
блиндажга кандай кирип барышканын өздөрү да билбей калышты как вошли в блиндаж, они и сами не заметили.

Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

Барыш жөндөмөсү (дательный падеж) сүйлөмдөгү кыймыл-аракеттин, айтыла турган ойдун жана сөздүн багытын, аткарылар ордун билдирип, кимге? эмнеге? каякка? деген суроолорго жооп берет. Барыш жөндөмөсүнүн грамматикалык каражаты -га. Бул тыбыштык өзгөрүүлөргө карай бир нече варианттарда колдонулат. Толук түрү: -га, -ге, -го, -гө, -ка, -ке, ко, -кө; үчүнчү жактын таандык мүчөсүнөн кийин: -на, -не, -но, -нө; кыскарган түрдө: -а, -е, -о, -ө болуп өзгөрөт.

Барыш жөндөмөсүнүн мүчөсүнүн тыбыштык өзгөрүүлөрү төмөндөгүдөй болот.