Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. сүйл. Чоң-чоң сугунуу. Күмүш бээ сааганда Токтогул сүттүн көбүгүн кочушуна толтуруп ашап-ашап алат да, көнөктүн бирөөнү көтөрүп жөнөйт (Аалы).
АША II такт. Өтө, абдан. Ак каңкы ээр ылайык Аша чуркар күлүккө (Маликов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АШАЙ — эпизоддук кейипкер, кытай баатыры. Араниктеги согушта азар түмөн кол менен Кеселикке келип кошулганы айтылат (Курама варианты, 1. 116).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бардыгына кол шилтөө, мейлиге салуу. Баарынан аша кечип, кайда барат деги?! (Ашымбаев). Эмнеликтен аша кечип жүрөсүң, Акбар иним?! (Убукеев). Акырын каалгышып жүгүнчү эле, Турмуштан туталанып аша кечип (Турусбеков).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АШАҢ — эпизоддук кейипкер, казак балбаны, Кабай байдын уулу. Араниктеги согушта Качалык менен жекеге чыкканда көзүнө найзанын сыныгы кирип, кошунун көздөй кетип баратканда Качалык артынан келип жарадар кылганы айтылат (Курама варианты, 1. 121).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«Арабча хашар этиши «чогултуу, жыйноо» маанисин берет (АРС, 219). Андан хашр деген зат атооч жасалат да, «чогулуш, жыйын» деген маани билдирет. Мына ушул сөз кыргыз тилине ашар түрүндө кабыл алынып, «элди жыйнап, ошолордун күчү менен ишин бүтүрүп алуу» деген маани берип калган» (Сейдакматов 1988:36).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
Элдик көркөм кол өнөрчүлүктө: килем токууда, чий чырмоодо, өрмөк согууда, кереге көктөөдө, там салууда чеберлердин — адамдардын биргелешип, бир асыл буюмду жана үйдү бүтүрүү салты, бир иштин соңуна чыгуу аракети. Ал мүмкүнчүлүгүнө карата бардык убакта чакырылат да, бул биргелешип уздануунун-узануунун, жардам берүүнүн сонун үлгүлөрүнөн болот. Ашар иштин арымын аябай тездеткен. Мында устаттар — нускоочулар, байбичелер, куттуу карыялар үйрөнгүчтөргө жол, таалим-тарбия көрсөтүп турушат. Буга келгендерди үй ээси мал союп, жайыл дасторкон менен жакшынакай күтүнүп алат. Мисалы, килем токууга келген көпчүлүк аз күндүн ичинде эле (4,5 мХ2,4—3) «төр килемин» токуп коюшат.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Арабча хашар этиши «чогултуу, жыйноо» маанисин берет (АРС, 219). Андан хашр деген зат атооч жасалат да, «чогулуш», «жыйын» деген маани билдирет. Мына ушул сөз кыргыз тилине ашар түрүндө кабыл алынып, «элди жыйнап, ошолордун күчү менен ишин бүтүрүп алуу» деген маани берип калган.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АШАРСУУ — эпизоддук кейипкер, калмак баатыры, Панус кандын жээни. А. кыргыздын жылкысын тийип алып, Манас менен согушуп жеңилет да, тартуу тартып жарашат. Манастан Алооке кандын зомбулугунан сактап калуусун өтүнөт.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. Теринин ички бетине ашаткы сыйпап күнгө коюп, терини иштетүүгө даярдоо.
АШАТ II этиш. 1. Сугунтуу. Эт ашат, ашатсаң, беш ашат (жаңылмач).
2. өт. Жаман сөздөр менен тилдөө, сөгүү. Айдараалы Тоозакты абдан ашата тилдеп баратты (Абдукаримов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ашат- I
квасить (кожу).
ашат- II
понуд. от аша- I
1. угощать кого-л. собственноручно, кладя ему в рот пищу;
эт ашат, эт ашатсаң беш ашат скороговорка давай в рот мяса, если даёшь в рот мяса, давай пять раз;
2. перен. изругать;
албууттанып кээде ар кимди ашатып сөгө да берди разбушевавшись, он иной раз всех ругал отборной бранью;
сени аябай ашатты, ошого жооп бериш керек эле он тебя облил помоями (неприличной бранью и т.п.), тебе следовало бы ответить ему.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде териге улпак аралашкан ачыган айранды сүйкөп коюуну ашатуу дейт. Бул сөз уйгур жана өзбек тилинде ашла болуп колдонулат. Ушуга караганда кыргызча ашат сөзү аш+ат бөлүктөрүнөн турат. Анын аш уңгусу алгачкы аш «тамак» маанисиндеги сөздүн маанисинин өнүгүшүнөн келип чыгышы мүмкүн. Болжолу, улпак кошулган айран да аш делип аталган. Мына ошол сөзгө этиш жасоочу -ла мүчөсү жалганып, ашла сөзү келип чыккан. Кыргыз тилинде үнсүздөрдүн ээрчишүүсү боюнча ал ашта болмок, бирок -та мүчөсүндөгү тыбыштар метатезаланып, ашта түрүнөн ашат түрүнө келип калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. аша I этишинин аркылуу мамилеси. 2. өт. Жаман сөздөр менен аябай сөгүү, тилдөө. Айдараалы Тоозакты абдан ашата тилдеп баратты (Абдукаримов). Ата-бабасын, оозу-мурдун койбой жерге житире ашатты (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Кырк эчкинин териси, Ашаткыга жатыптыр, чыгы менен катыптыр» («Манас») Терини ашатуу үчүн пайдалануучу жарма, ачкыл, айран жана улпактын аралашмасы.
      Жаңы сыйрылган терини жайып, күнгө бир аз тоборсуган соң анын чел этин алуу үчүн жандыктыкына (кой, эчки, кийик) орок, бодонукуна (төө, уй, топоз) кол күрөк керектелет. Жарма, айран, улпактын аралашмасы ашаткы болуп эсептелет. Адатта, ачыган айранга кара тузду жана улпакты, кээде ачкыл жарманы аралаштырып, жандыктын терисинин бетине бирдей жайып, күнгө коет. Же жандык союлары менен туз сээп, күнгө кургатат. Анан ун аталасына айрандан кошуп, же кошпой деле өзүнчө жалатып, 5—6 күнчө бүктөп коет. Тырмап көргөндө эти сыйрыла из түшүп калганда, терини жууп туруп, коңур кургак кылып кургатат.
      Бетине 5—6 күн ашаткыны жаңылап, күндүн илеби сууганча жайып, кайра алып, бүктөп койсо, күнгө жайылган жандыктын терилери ийине бат келет. Бул ыкмалар «терини ашатуу» деп аталат. Тери ийине келгенде нымыраак бойдон баканга арта салынып, көлөкөгө жайылат. Ашатуу — терини колдоо иштетүүнүн алгачкы аракети.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чектен чыгуу, ашыкча кетүү, Анча мактанбаңыздар, өтө аша чаап кетпеңиздер, – деди (Бердикеев). Кадыке, кантесиң, кээде эле ушинтип аша чаап кетмейиң бар (Бердикеев). Бул сөздөрүңдун айрымдарына кошулсам болот эле, бирок аша чаап кеттиң? (Медетов). Аша чапкан жерим жок, Сукентай, өз керт башымдан өткөргөн үчүн айтып жатам (Бердикеев). Агасы кулак деле эмес экен, андай орто чарба кишилердин кээ бирин жаңылыштан, аша чапкандыктан айдаган каталык ачылып, кайра бошоткондо жолдо келатып, үйүнө жетпей каза болгон экен (Айтматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Чектен чыгуу, өтө ашыкча кетүү. Анча мактанбаңыздар, өтө аша чаап кетпеңиздер - деди (Бердикеев). Кадыке, кантесиң, кээде эле ушинтип аша чаап кетмейиң бар (Бердикеев). Бул сөздөрүңдүн айрымдарына кошулсам болот эле, бирок аша чаап кеттиң? (Медетов). Аша чапкан жерим жок, Сукентай, өз керт башымдан өткөргөн үчүн айтып жатам (Бердикеев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ченден чыккандык, өтө ашыкча кеткендик. Атасы кулак деле эмес экен, андай орто чарба кишилердин кээ бирин жаңылыштан, аша чапкандыктан айдаган каталык ачылып, кайра бошоткондо жолдо келатып, үйүнө жетпей каза болгон экен (Айтматов).