Киргизско-русский словарь Юдахина
1. глина, земля;
2. почва;
кара топурак чернозём;
топурак таануу уст. почвоведение;
3. территория;
Кыргызстан Республикасы топурагында на территории Киргизской Республики;
топурак сал-
1) бросать землю (в могилу, прощаясь с покойником); отдавать последний долг;
топурак салып келели пойдём и отдадим последний долг;
2) порвать всякие отношения;
Каныбек молдолорго топурак салып, эшендерден небак түңүлгөн Каныбек порвал всякие отношения с муллами и давно уже отвратился от ишанов;
топурак салганым ушул этим я положил конец (больше не встречаюсь, не разговариваю и т.п.);
сизге эл топурак салбайт ты окончательно отвергнут народом;
сага деген топурагымды бая күнү салып келгенмин я уже тогда окончательно отрешилась от тебя;
жаткан жери жайлуу, топурагы майлуу болсун! да будет земля ему пухом!;
балдарымдан топурак буюрса, - болду если меня похоронят мои дети, мне ничего больше не нужно;
топурагымды ата-бабам жердеп өткөн жактан буюрсун я хочу быть похороненным на земле своих предков;
ата коиушумдан үч кетмен топурагыңды буюрбайсыңбы маа? неужели мне не доведётся быть похороненным на родной земле?
Шамбеттердин артына топурак чачкан (он решил) чтобы Шамбет проваливал и больше не показывался;
сага кошуп Алымдын топурагын дарбаза алдына чача чыккамын я окончательно отвратилась от тебя, а заодно и от Алыма;
топурагыңды түйүп бер! убирайся отсюда и больше на глаза не показывайся!; чтоб духу твоего здесь не было!;
топурагыңды түйүп ала кет распростись с надеждой благополучно возвратиться;
көзгө топурак сал- обманывать (гл. обр. о неверной жене);
менин көзүмө топурак салгың келген экен ты, значит, решила меня обманывать;
көзүнө көр топурак толуп (он) совершенно потеряв способность видеть;
көздөрүнө көр топурак жаба көр! ослепи ты их (боже!);
топурагын бир жерден чымчып алган они из одного теста;
өлгөндө топуракка тоёт (о ненасытном стяжателе) он (только) после смерти своей землёй насытится;
топурактан тышкары болсок если будем живы;
топурак басып турат
1) (о больном) он очень плох, его смертный час близок;
2) (о здоровом) он беду себе наживёт, ему головы не сносить;
топурак баскыр! чтоб тебе (ему) подохнуть!

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Жер кыртышы жердин өсүмдүк өсүүчү үстүңкү катмары, турпак. Кара топурак. Көпшөк топурак. Чополуу топурак.
Топурак салуу — 1) өлгөн кишини көмгөндө аны менен акыркы коштошуу белгиси катарында, мүрзөсүнө топурак таштоо; биротоло коштошуу; 2) мамилесин, байланышын үзүү. Топурактан тышкары болуу — тирүү болуу, аман болуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жер кыртышы жердин өсүмдүк өсүүчү үстүңкү катмары, турпак. Кара топурак. Көпшөк топурак. Чополуу топурак. 2. Территория, аймак. Фергана топурагынан чыккан басмачылар («Эркин Тоо»). Унутсаң унут мени, о жан балам, Унутпа Ата Журттун топурагын! (Бегимкулова).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үй-бүлөдөгү жакын адамдардын көз алдында өлсөм деген каалоону билдирүү. Балдарымдан топурак буюрса болду. 2. Өз эле, өз жеринде, туулуп өскөн жеринде каза болуу, өлүү. Согушка кеткен азаматтар аман-эсен кайтып, өз эл, өз жеринен топурак буюрсун, – деди керим карыя (Мавлянов). Өз эл, өз жерибизден топурак буюрсун, – деп чоң эне жакасын карманды («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Үй-бүлөдөгү жакын адамдардын көз алдында өлсөм деген каалоону билдирүү. Балдарымдан топурак буюрса болду. 2. Өз эл өз жеринде, туулуп өскөн жеринде каза болуу, өлүү. Согушка кеткен азаматтар аман-эсен кайтып, өз эл, өз жеринен топурак буюрсун, - деди Керим карыя (Мавлянов). Өз эл, өз жерибизден топурак буюрсун, -деп чоң эне жакасын карманды («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өлгөн кишини көмгөндө аны менен акыркы коштошуу белгиси катарында, мүрзөсүнө топурак таштоо, биротоло коштошуу. О-о жалгызым, маа топурак салып кой (Байтемиров). Каза жетип, күн бүтсө, Топуракты ким салат (Жантөшев). 2. Мамилесин, байланышын үзүү. Каныбек молдолорго топурак салып, эшендерден небак түңүлгөн (Жантөшев). Топурак салганым ушул.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Өлгөн кишини көмгөндө аны менен акыркы коштошуу белгиси катарында, мүрзөсүнө топурак таштоо, биротоло коштошуу. О-о жалгызым, маа топурак салып кой (Байтемиров). Каза жетип, күн бүтсө, Топуракты ким салат (Жантөшев). 2. Мамилесин, байланышын үзүү. Каныбек молдолорго топурак салып, эшендерден небак түңүлгөн (Жантөшев). Топурак салганым ушул.