топурак
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. Жер кыртышы жердин өсүмдүк өсүүчү үстүңкү катмары, турпак. Кара топурак. Көпшөк топурак. Чополуу топурак.
♦Топурак салуу — 1) өлгөн кишини көмгөндө аны менен акыркы коштошуу белгиси катарында, мүрзөсүнө топурак таштоо; биротоло коштошуу; 2) мамилесин, байланышын үзүү. Топурактан тышкары болуу — тирүү болуу, аман болуу.