ТОПУРАК САЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Өлгөн кишини көмгөндө аны менен акыркы коштошуу белгиси катарында, мүрзөсүнө топурак таштоо, биротоло коштошуу. О-о жалгызым, маа топурак салып кой (Байтемиров). Каза жетип, күн бүтсө, Топуракты ким салат (Жантөшев). 2. Мамилесин, байланышын үзүү. Каныбек молдолорго топурак салып, эшендерден небак түңүлгөн (Жантөшев). Топурак салганым ушул.