Киргизско-русский словарь Юдахина
1. безрогий, комолый;
токол уй комолая корова;
токол эчки комолая коза;
токол эчки мүйуз сураймын деп, кулагынан ажыраптыр погов. добивалась комолая коза рогов, да и ушей лишилась;
менин оюмдагыны сен тапканча токол эчкиге мүйүз чыкпайбы? ты угадаешь мои мысли, когда рак свистнет (букв. когда у комолой козы рога вырастут);
2. перен. (о человеке) беспомощный, беззащитный;
мүйүзүм сынып башымдан, токол болуп турамын фольк. рога мои на голове сломались, я остаюсь беззащитной;
3. перен. (о дереве) без ветвей;
4. этн. младшая жена (при живой старшей жене);
токолдун балдары дети младшей жены или младших жён (пользовались меньшими правами, чем дети старшей);
токолдун балдарыбызбы? а мы-то обсевки в поле, что ли? (букв. а мы-то разве дети младшей жены?);
токол элечек (см. элечек);
токол камыш (см. камыш).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Мүйүзү жок, мүйүзсүз. Мүйүзү жок эчки менен уйду кыргыздар токол деп аташат (Каимов).
2. Эки же андан көп аял алган кишинин байбичеден кийинки алган аялы. Ормон өз токолун атка сүйрөтүп өлтүрдү (Шүкүрбеков). Токолдон жалгыз Мендирман («Мендирман»).
Токол буудай — кылканы жок, кылкансыз буудай. Бүт жер жүзү жалаң гана жайкалган ак токол буудайлардан жаралгандай алардын чегине көздүн курчу жетпейт (Абдумомунов). Токол элечек — төбөсү жыгылбай чалып оролгон кичинекей элечек. Токол там — чатыры жок, төбөсү жалпак жабылган үй. Тоңдуктар турган токол там, Биздикинен жакшыбы («Чалкан»).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Адегенде «мүйүзсүз, мүйүзү жок» деген маанини билдирип, жаныбарларга карата колдонулуп (токол уй, токол эчки) келген бул сөздүн кийинчерээк жаӊы, өтмө маанилери пайда болгон. Мүйүзү жок мал башкалар менен сүзүшө албай качып, кор болгонун байкаган бабаларыбыз бул сөздү «байкуш, бечара» маанисинде колдоно башташкан: Мүйүзүм сынып башымдан, токол болуп турамын (фольклор). Байбиче тирүү кезинде алган аялдын да абалы оор болгондуктан, ал да ушундай аталып калган. Ал турсун анын балдарынын укугу да байбиченин балдарыкындай болгон эмес жана ушундан улам «токолдун балдары» деген түшүнүк пайда болгон

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Мүйүз өспөгөн мал (мис., токол эчки, токол уй). 2. Көп аялдуу кишинин 1-аялынан (байбичеден) кийинки аялдары. Ормон өз токолун атка сүйрөтүп өлтүрдү (Шүкүрбеков). Токолдон жалгыз Мендирман («Мендирман»). 3. Барпайган, шоодураган бутак шактуу эмес, дүмүрөйгөн тукулураак. Бирине бири атаандашкансып токол чыккан эки байтерек бар (Сыдыкбеков). 4. өт. Коргоочусу, таянычы жок киши. Туймуйган гана токол мен элем («Семетей» С. К.).