ТОКОЛ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Мүйүз өспөгөн мал (мис., токол эчки, токол уй). 2. Көп аялдуу кишинин 1-аялынан (байбичеден) кийинки аялдары. Ормон өз токолун атка сүйрөтүп өлтүрдү (Шүкүрбеков). Токолдон жалгыз Мендирман («Мендирман»). 3. Барпайган, шоодураган бутак шактуу эмес, дүмүрөйгөн тукулураак. Бирине бири атаандашкансып токол чыккан эки байтерек бар (Сыдыкбеков). 4. өт. Коргоочусу, таянычы жок киши. Туймуйган гана токол мен элем («Семетей» С. К.).