токол
Толковый словарь кыргызского языка (1969)сын. 1. Мүйүзү жок, мүйүзсүз. Мүйүзү жок эчки менен уйду кыргыздар токол деп аташат (Каимов).
2. Эки же андан көп аял алган кишинин байбичеден кийинки алган аялы. Ормон өз токолун атка сүйрөтүп өлтүрдү (Шүкүрбеков). Токолдон жалгыз Мендирман («Мендирман»).
♦ Токол буудай — кылканы жок, кылкансыз буудай. Бүт жер жүзү жалаң гана жайкалган ак токол буудайлардан жаралгандай алардын чегине көздүн курчу жетпейт (Абдумомунов). Токол элечек — төбөсү жыгылбай чалып оролгон кичинекей элечек. Токол там — чатыры жок, төбөсү жалпак жабылган үй. Тоңдуктар турган токол там, Биздикинен жакшыбы («Чалкан»).