Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Адегенде «мүйүзсүз, мүйүзү жок» деген маанини билдирип, жаныбарларга карата колдонулуп (токол уй, токол эчки) келген бул сөздүн кийинчерээк жаӊы, өтмө маанилери пайда болгон. Мүйүзү жок мал башкалар менен сүзүшө албай качып, кор болгонун байкаган бабаларыбыз бул сөздү «байкуш, бечара» маанисинде колдоно башташкан: Мүйүзүм сынып башымдан, токол болуп турамын (фольклор). Байбиче тирүү кезинде алган аялдын да абалы оор болгондуктан, ал да ушундай аталып калган. Ал турсун анын балдарынын укугу да байбиченин балдарыкындай болгон эмес жана ушундан улам «токолдун балдары» деген түшүнүк пайда болгон