Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТУУЛУК – кылмыштаанууда ар бири үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган, укукка каршы иш жүзүндө жасалган баардык жосундардын жыйындысын билдирүүчү түшүнүк, ошондой эле белгилүү мыйзам ченемдүүлүктөргө, сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөргө ээ болгон массалык терс социалдык-укуктук көрүнүш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТУУЛУК МЕНЕН КҮРӨШҮҮ – кылмыштуулукка алып келүүчү түрткүлөрдү жоюуга (азайтууга) багытталган экономикалык, саясий (анын ичинде укуктук), психологиялык, уюштуруучулук, техникалык мүнөздөгү чаралардын жыйындысы; кылмыштарды ачуу жана иликтөө (кылмышкерлерди издөө), каттоо, болтурбоо, алдыналуу; адилет жазалоону ишке ашыруу; кылмыш кылган адамдарды оңдоо; жаза тартып чыккандан кийин алардын жүрүм-турумдарын көзөмөлдөө; кылмыштардын терс натыйжаларын жоюу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТУУЛУК ТҮЗҮМҮ – кылмыш таанууда белгилүү бир убакыт аралыгында белгилүү бир аймактагы кылмыштардын жалпы санында кылмыштардын аркыл түрлөрүнүн салыштырма салмагы (көрсөткүчү).