этиш. 1. Тойгондон кийин тынч алып жатуу же тынч туруп калуу (мал жөнүндө). Уйлар жуушады. Кой жуушаган кезде Токтогул үргүлөй кетти (Аалы).
2. Жыгылуу, жапырылып жатып калуу (мис., эгин, чөп ж.б.).
1. пребывать в полном покое (о скоте, когда он, наевшись, стоит или лежит, подрёмывая);
2. перен. повалиться (напр. о траве, злаках); полечь (быть убитыми, вымереть);
маясы жуушап, кызылы күбүлүп калган аңыз хлебное поле, на котором стебли повалились, зерно осыпалось;
туусун көрүп эки кол эки жакка бөлүндү, канчалык адам жуушаган фольк. увидев его знамя, войско разделилось на два крыла, много народа полегло.
1. Бир орунда тынч алып жатуу же ордунан козголбой тынч туруп калуу, тынч алып көшүлгөн абалда болуу. Аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт (макал). Короодогу калың мал жуушап жатат магдырап (Элебаев). 2. Төшөлө жыгылып калуу, жыгылып боо түшкөн абалда болуу, жапырт кырылуу. Эртесинде маясы жуушап, кызылы күбүлүп калган (Сыдыкбеков). Канчалык адам жуушаган, Каза жеткен, өлүмдү («Эр Табылды»).
место, где отдыхает скот после пастьбы;
жуушандысы табылды жылас болгон жылкынын фольк. место отдыха пропавших коней обнаружилось.
зат. Мал жуушаган жер. Жылас болгон жылкынын Жуушандысы табылды («Эр Төштүк»).
Малдын жуушаган жери, жуушап жаткан орду. Жылас болгон жылкынын, Жуушандысы табылды («Эр Табылды»).
ир.
ножницы для стрижки овец.
зат. Койдун, эчкинин жүнүн кыркуучу чоң, кайчы. Эки колунда эки жуушаң (Аалы). Бүлөө, кайчы, жуушаң кармап бүлүнүп, Белсенишет билектерин түрүнүп (Осмонкул).
жуушаң (чоң кайчы; шуушаң эмес)
кайчынын бир түрү. Майда жандыктардын жүнүн кырка турган курал. Ал ак болоттон жасалат да, жаагынын узундугу болжолдо 40—45 см, калыңдыгы бычак сырты болот. Жүндү кыркууда оң колдун сөөмөйү менен бармагы кенен баткандай кайчы өңдүү тегерек шакекче көзү чебер жасалат. Жуушаң учу аркылуу теридеги жүндү текши жиретип алып, сол кол жуушаңдын эки учун бүктөй капшыра кармаганда жүн таза жана арымдуу кыркылат.
Койдун жүнүн кыркуучу кайчы сымал курал. Сапаттуу, курч темирден, узун, ичке, эки жаактуу формада жасалат. Анын жаактарынын ички жак бети курч миздүү, жүндү аралап киргидей учтуу, сабы колго ыңгайлуу болсун үчүн жумуруланган. Жуушаң менен кой кыркуу.
жууша этишинин аркылуу мамилеси.
понуд. от жууша-;
койлорун ийрип, жуушатып салыптыр он согнал своих овец в кучу и оставил их отдыхать;
айгышкан душманды автомат менен жуушаткан фольк. остервенелых врагов он автоматом уложил.
жуушат-, жуушатты,
жуушаттыр-
жууша этишинин аркылуу мамилеси. Койлорду жуушатып коюп, койчулар кежегедеги оттун жанына отурушту (Убукеев).
жуушанды менен бирдей. Оттугу – Ала –Тескейде, Жуушаты – Күмүш –Күңгөйдө.
страд. от жуушат-;
койлор суунун боюна жуушатылды овцы были оставлены на отдых на берегу реки.