Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
1. пятница (праздничный день у мусульман, считается счастливым днём для начинаний);
бир - жуманын түнү билет, бир - мен билем знает только пятничная ночь, да я знаю (больше никто);
учканын жума күн билген, жүрүшүн кадыр түн билген фольк. (о героине эпоса, обернувшейся лебедем) её полёт знал только пятничный день, её хождения знала только священная ночь (см. кадыр I);
2. неделя;
жумасына бир чыгат выходит раз в неделю.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жекшембиден кийинки саналган катар боюнча бешинчи күндүн аты. Жума күнү күтөм (Жантөшев). Өткөн жума күнү Арзыматтан кат келген (Жантөшев).
2. Бир жумадан экинчи жумага чейинки жети күндүк мезгил, убакыт. Бир жума өттү (Баялинов). Каныбек эки жумадан бери буту шишип үйдө (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бейшембиден кийинки күндүн аты. Бүгүн күнгө жума (Абдукаримов). Жума күнү күтөм, бүгүн бейшемби (Жантөшев). || Дүйшөмбүдөн жекшембиге чейинки жети күнгө барабар убакыт, жети күндүк мезгил. Ал анда ар жума сайын барып турат (Абдукаримов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖУМАБАЕВ Асек (1924, Нарын району, Байказак айылы) — кыргыз совет ырчысы.


Кыргыз ССР эл артисти (1964). Ж. «Айчүрөк» операсынан Күлчоронун партиясын аткарган. Операда Ж.— Күлчоро төрт тарабы шайма-шай, тартынбаган эр жүрөк баатырды элестет. Ж. бүткүл дүйнөлүк студенттер менен жаштардын Варшавада өткөн 5-фестивалынын лауреаты (1955). Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖУМАБАЕВ Белек (1939, Жети-Өгүз району, Жети-Өгүз айылы —1977, Фрунзе шаары) — графикачы, живописчи. Ж. цинкография техникасында Саякбай Карала уулунун «Тулпарлар» (1965), «Баатырлар, айымдар» (1969) китептерин көркөмдөгөн. Эпикалык баатырлардын.
Б. Жумабаев. Манасчы Саякбай Карала уулу</b>.
Б. Жумабаев. Манасчы Саякбай Карала уулу.
Аккула, Сарала, Тай тору, Алгара жана башкалар тулпарларынын сын-сыпат, образдары жогорку көркөмдүктө иштелген жана эпостун Манас, Каныкей, Бакай, Сейтек, Айчүрөк, Сайкал жана башкалар негизги каармандарынын портреттеринин галереясын түзгөн. Ж-дин чыгармачылыгы жогорку көркөм табити, чыгармачылык фантазиясынын байлыгы менен айырмаланат.
Ал эпостук образдар аркылуу улуттук мүнөздү ачууга аракеттенген. Ж. «Тулпарлар» аттуу китептин жасалгасы үчүн 1965-ж. Орто Азия жана Казакстан респ-каларынын конкурсунда
1- даражадагы, Бүткүл Союздук конкурста
2- даражадагы диплом менен сыйланган.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖУМАБЕК — эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн ашында кытайлар Аккуланын байгесин талап алып качканда Жолой Коңурбайды тосконго даярданып турсун деп аялы Кыяшка Аскардын уулу Ж-ти жиберет (Сагымбай Орозбаков, 3. 280— 281).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖУМАДЫЛОВ Советбек (1932, Түп району, Тепке айылы) — кыргыз совет артисти, Кыргыз ССРинин эл артисти (1977). Улуу эпоско байланыштуу түзгөн образдарынын алгачкысы — «Сейтек» драмасы боюнча коюлган спектаклдеги Семетейдин образы.
С. Жумадылов — Семетей («Сейтек» драмасы, 1989).
С. Жумадылов — Семетей («Сейтек» драмасы, 1989).
Ж-дун аткаруусундагы Семетей чыныгы эр жүрөк баатыр гана эмес, ал — эң биринчи кезекте адамдарга Ишенген, жалпы элге таянган адилет каарман. Анын түзгөн бул образы спектаклдеги башка каармандар менен эриш-аркак жуурулушуп, аларды кандайдыр бир деңгээлде толуктап турат. Актёр мында кыргыз элинин залкар эпосундагы кайталангыс каармандын бүткүл жан дүйнөсүн көрүүчүлөргө таасын ачып бере алган. Ждун кийинки ролу — «Айкөл Манас» драмасындагы негизги каармандардын бири Бакайдын образын да актёр өзүнө таандык аткаруучулук чеберчилиги менен ачып берүүгө жетишкен. Ж. медалдар менен сыйланган.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖУМАКМАТОВ Асанкан (1923, Ысык-Ата району, Кызыл-Желек айылы) — Кыргыз совет дирижёру, СССР эл артисти (1977). Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1972).


Ленин ордендүү А. Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында «Айчүрөк» операсына (1948-жылдан мезгил-мезгили менен), анын кайрадан иштелген жаңы вариантына (1959), *Манас» операсына (1982) жана «Манастын кошуну» аттуу симфониялык сүрөттөмөгө (1983) дирижёрлук кылган. Ж. эки Эмгек Кызыл Туу ордени, Кызыл Жылдыз ордени жана медалдар менен сыйланган.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖУМАКУНОВА Гүлзура (1954, Тянь-Шань району, Эчки-Башы айылы) — «Манас» изилдөөчү, филология илимдеринин кандидаты (1988). Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн (1976). 1976 —84-ж. КСЭнин башкы редакциясында, 1984—88-ж. Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабиятинститутунда илимий кызматкер. 1988-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу. «Манас» эпосундагы тиричилик лексикасы» деген темада кандидаттык диссертациясын (1988) жактаган. Диссертацияда эпостун турмуш-тиричиликке байланыштуу лексикасы тарыхый-салыштырма планда кеңири изилдөөгө алынган, тиркеме түрүндөгү сөздүгүндө этимологиясы да берилген. «Манас» эпосунун тилине арналган илимий макалалардын автору.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жети күнгө барабар убакыт, мезгил. Бир жумалык жол калды. || Кандайдыр бир окуяны, күндү белгилөө үчүн арналган жети күнгө созулган убакыт, мезгил. Кыргыз фильмдеринин жумалыгы болду. 2. эск. Мусулман дин мектебинде окуткан молдого окуучулары тарабынан жума күнү берилүүчү белек. Жумалык берүү. Жумалык тапшыруу. 3. Мезгили менен жума сайын басылып чыгып туруучу газета, журнал ж. б. «Кыргызстан маданияты» жумалыгы.