ЖУМАКМАТОВ
Энциклопедия "Манас". ч.1.ЖУМАКМАТОВ Асанкан (1923, Ысык-Ата району, Кызыл-Желек айылы) — Кыргыз совет дирижёру, СССР эл артисти (1977). Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1972).

Ленин ордендүү А. Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында «Айчүрөк» операсына (1948-жылдан мезгил-мезгили менен), анын кайрадан иштелген жаңы вариантына (1959), *Манас» операсына (1982) жана «Манастын кошуну» аттуу симфониялык сүрөттөмөгө (1983) дирижёрлук кылган. Ж. эки Эмгек Кызыл Туу ордени, Кызыл Жылдыз ордени жана медалдар менен сыйланган.