Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖУМАБАЕВ Белек (1939, Жети-Өгүз району, Жети-Өгүз айылы —1977, Фрунзе шаары) — графикачы, живописчи. Ж. цинкография техникасында Саякбай Карала уулунун «Тулпарлар» (1965), «Баатырлар, айымдар» (1969) китептерин көркөмдөгөн. Эпикалык баатырлардын.
Б. Жумабаев. Манасчы Саякбай Карала уулу</b>.
Б. Жумабаев. Манасчы Саякбай Карала уулу.
Аккула, Сарала, Тай тору, Алгара жана башкалар тулпарларынын сын-сыпат, образдары жогорку көркөмдүктө иштелген жана эпостун Манас, Каныкей, Бакай, Сейтек, Айчүрөк, Сайкал жана башкалар негизги каармандарынын портреттеринин галереясын түзгөн. Ж-дин чыгармачылыгы жогорку көркөм табити, чыгармачылык фантазиясынын байлыгы менен айырмаланат.
Ал эпостук образдар аркылуу улуттук мүнөздү ачууга аракеттенген. Ж. «Тулпарлар» аттуу китептин жасалгасы үчүн 1965-ж. Орто Азия жана Казакстан респ-каларынын конкурсунда
1- даражадагы, Бүткүл Союздук конкурста
2- даражадагы диплом менен сыйланган.