Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жекшембиден кийинки саналган катар боюнча бешинчи күндүн аты. Жума күнү күтөм (Жантөшев). Өткөн жума күнү Арзыматтан кат келген (Жантөшев).
2. Бир жумадан экинчи жумага чейинки жети күндүк мезгил, убакыт. Бир жума өттү (Баялинов). Каныбек эки жумадан бери буту шишип үйдө (Жантөшев).