Киргизско-русский словарь Юдахина
1. былина, произведение богатырского эпоса; сказ о богатыре, о богатырском подвиге;
атаңыздын жомогу, айтпай койсок болобу? разве можно не рассказать сказ о твоём отце?
муну мындай таштайлы, Күлчоро көк жал, Айчүрөк жомогунан баштайлы фольк. это мы оставим-ка, начнём-ка сказ о сивогривом (богатыре) Кюльчоро и об Айчурек;
2. (точнее жөө жомок) сказка.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Ойдон чыгарылган, окуялары апыртмалуу, фантазиялуу түрдө көрсөтүлүп, баяндоо иретинде айтылган элдик оозеки чыгарма; ушундай мазмундагы адабий чыгарма. Кереметтүү жомоктор. Айбанаттар жөнүндөгү жомоктор. Пушкиндин жомоктору. Андерсендин жомоктору.
  1. 2.           Чындыкка жатпаган, ар кандай апыртмалуу баяндама, кеп. Болгон иш жомок экен чын түшүндүм (Токобаев). Кыл көпүрө дегенжомок (Сыдыкбеков).
  2. 3.           Элге-журтка кеңири белгилүү болуп кеткен, таралып кеткен кеп, окуя, кабар. Айтылган ар бир үйдө жомок болуп, Манастай өлбөс, өчпөс атак алгын (Үмөталиев). Турмуштун бул кайгысы болду жомок (Шимеев). Кыягы ителгинин жомок болду, Чынында эл мактарлык бар эле орду (Үмөталиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖОМОК — жанрлык маанини туюндуруучу термин. Кыргыз фольклорунда «Ж.» термини жөө жомок жанрын туюнткан мааниден кеңири мааниде колдонулган, башкача айтканда Ж. деп ыр түрүндөгү эпикалык дастандар гана аталган. В. М. Жирмунский архаикалык типтеги баатырдык эпосторду «баатырдык жомок» деп атаган. Ал казак, каракалпак, өзбек элдеринде айтылып келген «Алпамыш» эпосун алтайлыктардын «Алып-Манаш» деген баатырдык жомогу менен тектеш экендигин далилдеп, эволюциялык жол менен өнүгүп отуруп эпопеяга жеткен деген негиздүү корутундуга келген. Кыргыздар да «Манасты» Ж-тордун катарына кошушат. Мааниси жана негизги белгилери боюнча Ж. оозеки көркөм чыгармачылык жөнүндөгү дүйнөлүк илимде кабыл алынган эпос түшүнүгүнө туура келген, к. Эпос.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ойдон чыгарылган, окуялары апыртмалуу, фантазиялуу түрдө көрсөтүлүп, баяндоо иретинде айтылган элдик оозеки чыгарма. Айтылат ар бир үйдө албан жомок, Жомок да билгендерге жомок болот (Шүкүрбеков). || Ушундай мазмундагы адабий чыгарма. Пушкиндин жомоктору. Андерсендин жомоктору. 2. Чындыкка жатпаган, ар кандай апыртмалуу баяндама, кеп. Болгон иш жомок экен чын түшүндүм (Токобаев). Кыл көпүрө деген – жомок (Сыдыкбеков). 3. Элге-журтка кеңири белгилүү болуп, көп айтылып таралып кеткен кеп, окуя, кабар. Айтылган ар бир үйдө жомок болуп, Манастай өлбөс-өчпөс атак алгын (Үмөталиев). Турмуштун бул кайгысы болду жомок (Шимеев). Кыягы Ителгинин жомок болду, Чынында эл мактарлык бар эле орду (Үмөталиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖОМОК БАШЫ — элдик оозеки чыгармалардын башталышында айтылуучу кириш бөлүм. Жана башкалар көбүнчө жөө жомоктордо, эпостук чыгармаларда колдонулат. Жомокто: «Бар экен, жок экен, ач экен, ток экен», же «Илгери-илгери өткөн заманда» өңдүү туруктуу сүйлөмдөр болот. Жана башкалар «Манас» эпосунда өзүнчө кайырма түрдө айтылат:
Ээ-эй, байыркынын жомогу,
Баштаса келер оролу.
Эзелкинин жомогу
Эстесе келер оролу.
Жарымы төгүн, жарымы чын,
Жарандардын көөнү үчүн.
Көбү жалган, көбү чын
Көпчүлүктүн көөнү үчүн.
Күпүлдөтүп айтабыз
Көк жал Манас көөнү үчүн (Курама варианты, 1. 3).

Жана башкалар манасчы тарабынан эл алдында эпосту айта баштаганда окуяга, чыгармага, угуучулардын көңүлүн бурдуруучу киришүүнүн милдетин аткарган. Эпосто ал ушундай озуйпасы менен толук турпатында зор манасчылардын гана репертуарларында айтылат. Бирок айрым элге кеңири тараган «Көкөтөйдүн ашы», «Чоң казат» өңдүү окуяларда жана башкалар өзүнчө кайырма сыңары чакан-чакан көлөмдө көпчүлүк манасчылардын репертуарына мүнөздүү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
адаб. Элдик оозеки чыгармаларда жомоктордун кириш бөлүгү. Мис. «Манаста» «…Көбү жалган көбү чын, көпчүлүктүн көөнү үчүн…» деген саптар менен жомок башы айтылса, жөө жомоктордо «Илгери-илгери өткөн заманда…», «Бар экен да жок экен…» дегендей салттуу сөздөр менен башталат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
адаб. Оозеки чыгармалардагы жомоктордун жана жөө жомоктордун традициялуу бүтүмү. «Манас» эпосунда башкы каармандардын кайып болушу менен аяктаса, жөө жомоктордо «…Ушинтип жыргап-куунап жашап калышыптыр…» дегендей бүтүм чыгарылат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өткөндү баяндап айтып берүү, кандайдыр бир окуяны толук сүйлөп берүү, жомок сыяктантып айтуу. Сүйлөрсүң кийин жомоктоп (Элебаев). Мусабек ашуу ашып, таш басып кыйналган күндөрүн жомокточу (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Жомок айтуучу, жомокту көп билген, жомокту кызыктуу кылып айта билген адам. Болочок акындын энеси Бурма.. ары сөзмөр, ары жомокчу аялдардан эле (Аалы). [Нурбай].. өтө сөзмөр, жомокчу, шайыр жигит эле (Баялинов). Уккан эмес мындайды Жомокчунун кебинен (Аалы).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖОМОКЧУ — «Манас» айтуучу. Бул наам, адатта эпостун үч бөлүмүн толук же бирөөнү айткан адамдарга карата колдонулган. 20-кылымдын 30-жылдарына чейин «Манас» айткан адамдар эл ичинде «ырчы», «жомокчу» деген термин менен аталып келген. Мисалы, 1925-ж. араб ариби менен кыргыз тилинде Москвадан чыккан «Манас» эпосунун титулдук бетинде ал вариант Тыныбек жомокчуга таандык экендиги белгиленет жана китепченин кириш сөзүндө да Тыныбек «жомокчу» деген наам менен эле аталат. Эпостун өзүнүн текстинде да:
Жомокчулар койбосо,
Уйкаштырып ырды айтып,
Келиштирип койбосо
Жомокчулар калп айтып (Сагымбай Орозбаков, «Манас», Кол жазмалар фондусу, 537-инв., 380-б.),
— деп «Манас» айткан адамдар «жомокчу» деп айтылат. Бирок жазма адабияттарда Ж-га караганда «манасчы» деген термин кеңири колдонулуп жүрөт. «Манасчы» термин катары биринчи жолу профессор X. Карасаевдин «Кызыл Кыргызстан» (азыркы «Кыргызстан туусу») газетасына 1930-ж. 27-майда жарыяланган «Манас» аттуу макаласында пайдаланылган. Манасчы кийин атайын адабий термин катары терминологиялык жана энциклопедиялык адабияттарга кирген, к. Манасчы.
М. Мукасов