Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ойдон чыгарылган, окуялары апыртмалуу, фантазиялуу түрдө көрсөтүлүп, баяндоо иретинде айтылган элдик оозеки чыгарма. Айтылат ар бир үйдө албан жомок, Жомок да билгендерге жомок болот (Шүкүрбеков). || Ушундай мазмундагы адабий чыгарма. Пушкиндин жомоктору. Андерсендин жомоктору. 2. Чындыкка жатпаган, ар кандай апыртмалуу баяндама, кеп. Болгон иш жомок экен чын түшүндүм (Токобаев). Кыл көпүрө деген – жомок (Сыдыкбеков). 3. Элге-журтка кеңири белгилүү болуп, көп айтылып таралып кеткен кеп, окуя, кабар. Айтылган ар бир үйдө жомок болуп, Манастай өлбөс-өчпөс атак алгын (Үмөталиев). Турмуштун бул кайгысы болду жомок (Шимеев). Кыягы Ителгинин жомок болду, Чынында эл мактарлык бар эле орду (Үмөталиев).