Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Ойдон чыгарылган, окуялары апыртмалуу, фантазиялуу түрдө көрсөтүлүп, баяндоо иретинде айтылган элдик оозеки чыгарма; ушундай мазмундагы адабий чыгарма. Кереметтүү жомоктор. Айбанаттар жөнүндөгү жомоктор. Пушкиндин жомоктору. Андерсендин жомоктору.
  1. 2.           Чындыкка жатпаган, ар кандай апыртмалуу баяндама, кеп. Болгон иш жомок экен чын түшүндүм (Токобаев). Кыл көпүрө дегенжомок (Сыдыкбеков).
  2. 3.           Элге-журтка кеңири белгилүү болуп кеткен, таралып кеткен кеп, окуя, кабар. Айтылган ар бир үйдө жомок болуп, Манастай өлбөс, өчпөс атак алгын (Үмөталиев). Турмуштун бул кайгысы болду жомок (Шимеев). Кыягы ителгинин жомок болду, Чынында эл мактарлык бар эле орду (Үмөталиев).