жомокчу
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. Жомок айтуучу, жомокту көп билген, жомокту кызыктуу кылып айта билген адам. Болочок акындын энеси Бурма.. ары сөзмөр, ары жомокчу аялдардан эле (Аалы). [Нурбай].. өтө сөзмөр, жомокчу, шайыр жигит эле (Баялинов). Уккан эмес мындайды Жомокчунун кебинен (Аалы).