Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
депо (1. ж.-д. паровоз менен вагондор туруучу үй; 2. ж.-д. паровоздор менен вагондорду сактап, ремонттоп туруучу темир жол чарба цехи; 3. өрт машиналары жана башка өрт өчүргүч аспаптар туруучу үй).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Паровоздор, вагондор туруучу, аларды ремонттоочу атайын жабдылган жай жана ушундай ремонтту жүргүзүүчү мастерской. Мен паровоз депосуна алты гана күнү иштедим (Жантөшев). Депо мастерскоюнун ичи да, тышы да тарсылдап, күрсүлдөп жаңырыкка бөлөнгөн (Сасыкбаев).

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Депозит (вклад) (Deposit) —Депозит – это сумма денежных средств, принятая финансово-кредитным учреждением по договору от другого лица на условиях возвратности, платности, срочности. Депозиты бывают срочные и до востребования.  

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Депозит (аманат) (Deposit) —Депозит – бул, финансы-кредит мекемеси тарабынан убагында кайтаруу, төлөөгө жөндөмдүүлүк, мөөнөтүндө төлөө шарттарында башка жактардан келишим боюнча тартылган акча каражаттарынын суммасы. Депозиттер мөөнөттүү жана талап боюнча төлөнүүчү болуп бөлүнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОЗИТ (лат. depositum – сактоого берилген буюм) – 1) банктардагы жана сактык кассаларындагы аманаттар. Мөөнөттүү, талап кылууга чейинки жана шарттуу Д. болуп бөлүнөт; 2) банк китептериндеги банкка карата кардарлардын белгилүү талаптарын бышыктоочу эскерткич жазуулар; 3) кредиттик мекемелерге сактоого берилүүчү баалуу кагаздар (акциялар жана облигациялар); 4) бажы алымдарын жана жыйымдарын төлөөнү камсыз кылууга бажы мекемелерине акчалай төгүмдөр; 5) сотко келүүнү, дооарызды камсыз кылууга сот жана административдик мекемелерге акчалай төгүмдөр.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)

1. Аманатчылар тарабынан сактоо үчүн банкка салынган материалдык дөөлөттөр. 2. Мамлекеттик мекемелерге салынып, кайсы бир шарттар түзүлгөндө, кайтарып берилүүгө тийиш акча, баалуу кагаз. 3. Кардардын банкка коюлуучу талаптарын камтыган жана ырастаган жазма.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОЗИТАРДЫК ИШКЕРДҮҮЛҮК – баалуу кагаздардын базарында баалуу кагаздардын тастыктамаларын сактоо жана/же баалуу кагаздарга укукту жана анын өтүшүн эсепке алуу боюнча кызмат көрсөтүү катары түшүнүлгөн кесиптик ишкердүүлүктүн бир түрү. Баалуу кагаздар базарынын Д. и-тү жүзөгө ашыруучу кесипкөй катышуучусу депозитарий деп аталат. Баалуу кагаздарды жана/же баалуу кагаздарга укукту жана анын өтүшүн эсепке алуу боюнча депозитарийдин кызматын пайдаланган киши депонент деп аталат. Алардын мамилелерин теске салуучу келишим депозитардык келишим (депо эсеби жөнүндө келишим) деп аталат.

ДЕПОЗИТАРДЫК КЕЛИШИМ (депозит эсеби жөнүндө келишим) – депозитардык ишкердүүлүктүн жүрүшүндө алардын мамилелерин теске салуучу депозитарий менен депоненттин ортосундагы келишим. Депозитарий түзүлгөн Д. к. ажырагыс бөлүгү болгон өзүнүн депозитардык ишкердүүлүктүн шарттарын бекитүүсү тийиш. Д. к-н маанилүү шарттары төмөнкүлөр: а) келишим ишинин так аныкталуусу: баалуу кагаздардын тастыктамаларын сактоо жана/же баалуу кагаздарга укукту эсепке алуу боюнча кызмат көрсөтүү; б) депоненттин депозитарийде депонирленген депоненттин баалуу кагаздарын башкаруу жөнүндө маалымат берүүсүнүн тартиби; в) келишимдин иштөө мөөнөтү; г) келишимде каралган депозитарийдин кызмат акысынын көлөмү жана төлөөнүн тартиби; д) депозитарийдин депоненттин алдында эсеп берүү таризи жана мезгилдүүлүгү; е) депозитарийдин милдети.

ДЕПОЗИТАРИЙ (фр. depositaire ) – 1) депозиттер ишенилген жак; 2) депозитардык ишкердүүлүктү жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар базарынын кесипкөй катышуучусу. КРде юридикалык жак гана Д. боло алат. Д. депоненттин атынан депозитардык келишимде каралган депоненттин тапшыруусунан башка иштерди жасоого, депоненттин баалуу кагаздарын каалагандай жумшоого, анын атынан баалуу кагаздар менен иш-аракеттерди жүргүзүүгө жана башкарууга акысы жок. Д. анда депонирленген баалуу кагаздардын тастыктоолору үчүн жарандык укуктук жоопкерчилик тартат; 3) эларалык келишимде көп тараптуу келишимдин чыныгы текстин жана ага байланыштуу документтерин (билдирүүлөр, эскертмелер, денонсациялар ж. б. ) сактоочу. Д. бир же бирнече өлкө, эларалык уюм же ошондой уюмдун башкы кызмат аткаруучу адамы болуусу мүмкүн. Алып айтсак, БУУнун Башкы Катчысы БУУнун алкагында түзүлгөн биркатар көп тараптуу келишимдердин Д-инин милдетин жүзөгө ашырат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОЗИТАРИЙ (фр. depositaire ) – 1) депозиттер ишенилген жак; 2) депозитардык ишкердүүлүктү жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар базарынын кесипкөй катышуучусу. КРде юридикалык жак гана Д. боло алат. Д. депоненттин атынан депозитардык келишимде каралган депоненттин тапшыруусунан башка иштерди жасоого, депоненттин баалуу кагаздарын каалагандай жумшоого, анын атынан баалуу кагаздар менен иш-аракеттерди жүргүзүүгө жана башкарууга акысы жок. Д. анда депонирленген баалуу кагаздардын тастыктоолору үчүн жарандык укуктук жоопкерчилик тартат; 3) эларалык келишимде көп тараптуу келишимдин чыныгы текстин жана ага байланыштуу документтерин (билдирүүлөр, эскертмелер, денонсациялар ж. б. ) сактоочу. Д. бир же бирнече өлкө, эларалык уюм же ошондой уюмдун башкы кызмат аткаруучу адамы болуусу мүмкүн. Алып айтсак, БУУнун Башкы Катчысы БУУнун алкагында түзүлгөн биркатар көп тараптуу келишимдердин Д-инин милдетин жүзөгө ашырат.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Депозиттер менен иш алып баруу (Depositary activities) —Акча-кредит саясатынын каражаты (инструменти), ал Улуттук банктын мөөнөттүү депозит эсебине кайтарымдуулук, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана мөөнөтүндө төлөө шарттарында улуттук валютада акча каражаттарын тартуу аркылуу, банк тутумунанүстөк ликвиддүүлүктү алып салуу максатында колдонулат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОЗИТАРДЫК ИШКЕРДҮҮЛҮК – баалуу кагаздардын базарында баалуу кагаздардын тастыктамаларын сактоо жана/же баалуу кагаздарга укукту жана анын өтүшүн эсепке алуу боюнча кызмат көрсөтүү катары түшүнүлгөн кесиптик ишкердүүлүктүн бир түрү. Баалуу кагаздар базарынын Д. и-тү жүзөгө ашыруучу кесипкөй катышуучусу депозитарий деп аталат. Баалуу кагаздарды жана/же баалуу кагаздарга укукту жана анын өтүшүн эсепке алуу боюнча депозитарийдин кызматын пайдаланган киши депонент деп аталат. Алардын мамилелерин теске салуучу келишим депозитардык келишим (депо эсеби жөнүндө келишим) деп аталат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОЗИТАРДЫК КЕЛИШИМ (депозит эсеби жөнүндө келишим) – депозитардык ишкердүүлүктүн жүрүшүндө алардын мамилелерин теске салуучу депозитарий менен депоненттин ортосундагы келишим. Депозитарий түзүлгөн Д. к. ажырагыс бөлүгү болгон өзүнүн депозитардык ишкердүүлүктүн шарттарын бекитүүсү тийиш. Д. к-н маанилүү шарттары төмөнкүлөр: а) келишим ишинин так аныкталуусу: баалуу кагаздардын тастыктамаларын сактоо жана/же баалуу кагаздарга укукту эсепке алуу боюнча кызмат көрсөтүү; б) депоненттин депозитарийде депонирленген депоненттин баалуу кагаздарын башкаруу жөнүндө маалымат берүүсүнүн тартиби; в) келишимдин иштөө мөөнөтү; г) келишимде каралган депозитарийдин кызмат акысынын көлөмү жана төлөөнүн тартиби; д) депозитарийдин депоненттин алдында эсеп берүү таризи жана мезгилдүүлүгү; е) депозитарийдин милдети.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИМПОРТТУК ДЕПОЗИТ – чет өлкөдөн товар сатып алуунун алдында импорттоочу банкка төгүүгө тийиш болгон (улуттук же чет өлкөлүк валюта менен) үстөксүз барымта; кээде ошол товарга алымдардын көлөмүнө ж. б. көрсөткүчтөргө байланыштуу белгиленет. Банктын И. д. төлөнгөндүгү тууралуу документи импорттоочу өлкөнүн бажы аймагына товарды жана унаа каражатын алып кирүүдө улуксаттын милдетин аткарат.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Депозиттик база (Depositorybase) —Жеке адамдардын жана юридикалык жактардын атынан коммерциялык банктарда талап боюнча төлөнүүчү депозиттерге жана мөөнөттүү депозиттерге жайгаштырылган, ошондой эле депозиттерди тартуу укугуна ээ башка финансы-кредит мекемелериндеги депозиттерге салынган каражаттардын жыйындысы.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОЗИТТИК КАССА – банктагы башка каржылык-кредиттик уюмдардын депозиттерди кабыл алууга жана сактоого багышталган бөлүмчөсү. Мында акча депозиттери (аманаттар) банктардын жүгүртүмүнө катышат, б. а. киреше алып келүүчү активдерге жайгаштырылат.

ДЕПОЗИТТИК АТКАРЫМ – кредиттик уюмдардын юридикалык жактар менен жеке адамдардын акча каражаттарын аманатка тартуу жана аларды жайгаштыруу боюнча аткарымдары. Д. а. жигердүү жана солгун болуп бөлүнөт. Солгуну акча каражаттарын аманатка белгилүү мөөнөткө же талап кылууга чейин тартууну чагылдырат, жигердүүсү – бир банктын бош каражаттарын убактылуу башкаларына жайгаштырат. Д. а. чөйрөсүнө базарда айланып жүргөн карыздар, милдеттенмелер, депозиттик тастыктамалар, векселдер ж. б. кирет.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Улуттук банктын депозиттик операциялары (Deposit operations of NBKR) —Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайтарымдуулук, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана мөөнөтүндө төлөө шарттарында улуттук валютадагы акча каражаттарын убактылуу алып салуу. Аталган операциялар банк тутумунан үстөк ликвиддүүлүктүалып салуу максатында ишке ашырылат.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Депозиттик мекемелер (Deposit Takers) —Борбордук банкты эске албаганда, негизги иши депозиттерди кабыл алуу менен аларды өз атынан андан ары жайгаштыруудан көрүнгөн финансылык корпорациялар.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Депозиты (Deposits) —Сумма денежных средств, принятая финансово-кредитным учреждением по договору от другого лица на условиях возвратности, платности, срочности. Депозиты бывают срочные и до востребования.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Депозитарная деятельность (Depositary activities) —Инструмент денежно-кредитной политики, используемый с целью изъятия избыточной ликвидности из банковской системы путем привлечения денежных средств в национальной валюте на срочные депозитные счета в Национальном банке на условиях возвратности, платности и срочности.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОЗИТТИК АТКАРЫМ – кредиттик уюмдардын юридикалык жактар менен жеке адамдардын акча каражаттарын аманатка тартуу жана аларды жайгаштыруу боюнча аткарымдары. Д. а. жигердүү жана солгун болуп бөлүнөт. Солгуну акча каражаттарын аманатка белгилүү мөөнөткө же талап кылууга чейин тартууну чагылдырат, жигердүүсү – бир банктын бош каражаттарын убактылуу башкаларына жайгаштырат. Д. а. чөйрөсүнө базарда айланып жүргөн карыздар, милдеттенмелер, депозиттик тастыктамалар, векселдер ж. б. кирет.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Депозитная база (Depository base) —Совокупность средств, размещенных в коммерческих банках от имени физических и юридических лиц в депозиты до востребования и срочные депозиты, а также депозиты других финансово-кредитных учреждений, имеющих право на привлечение депозитов.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОЗИТТИК КАССА – банктагы башка каржылык-кредиттик уюмдардын депозиттерди кабыл алууга жана сактоого багышталган бөлүмчөсү. Мында акча депозиттери (аманаттар) банктардын жүгүртүмүнө катышат, б. а. киреше алып келүүчү активдерге жайгаштырылат.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Депозитные учреждения (Deposit Takers) —Финансовые корпорации, за исключением центрального банка, основная деятельность которых заключается в приеме депозитов и последующем размещении этих средств от своего имени.  

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Депозиттер (Deposits) —Финансы-кредит мекемеси тарабынан башка жактардан өз учурунда кайтаруу, төлөөгөжөндөмдүүлүк, мөөнөтүндө төлөө шарттарында келишим боюнча кабыл алынган акча каражаттардын суммасы. Депозиттер мөөнөттүү жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттерге бөлүнөт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БЮДЖЕТ МЕКЕМЕЛЕРИНИН ДЕПОЗИТТЕРИ – убактылуу бюджеттик уюмдардын карамагына түшкөн жана белгилүү шарттарда (сот чечим кабыл алганда, оорулуу дарылоо мекемесинен чыкканда) юридикалык же жеке жактарга кайтарып берилүүгө жаткан акча каражаттары, баалуу кагаздар.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
М2Х камтылуучу депозиттер (Deposits included in M2X) —Өкмөттүн жана резидент эместердин депозиттерин эске албаганда, жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, ошондой эле башка финансы-кредит мекемелеринин депозиттери.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Талап боюнча төлөнүүчүдепозиттер (Demand deposits) —Бул, финансы-кредит мекемесинде аманат келишими боюнча акча каражаттарын сактоо жана топтоо үчүн ачылган жана эсеп ээси ишкердикти жана/же үчүнчүжактар менен мына ушундай эле иш чөйрөсүн жүзөгөашыруусуна байланыштуу эсептешүүлөр үчүн каралбаган депозит. Талап боюнча төлөнүүчүдепозиттин каражаттары аманатчынын биринчи эле талабы боюнча төлөнүп берилет.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Которулма депозиттер (Claim deposits) —Төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда түздөн-түз колдонулушу мүмкүн болгон, айыптык төлөм төлөөсүз жана кандайдыр бир чектөөлөрсүз баштапкы талап боюнча номиналга ылайык алмаштырыла турган депозиттер (эсептешүүэсептериндеги акча каражаттар).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОНЕНТ (лат. deponens (deponentis ) – кийинкиге калтыруучу) – 1) депозитке баалуулук берген жеке адам же юридикалык жак; 2) өз убагында айлыктарын албай калышкан жумушчулар, айлык акылардан алардын пайдасына кармалган (алимент ж. б.) айрым уюмдар жана кишилер да Д. болуп саналышат; 3) депозитарийдин кардары, келишимдик негизде анын Д-ке же аны тим гана кармап туруу ишенилген баалуу кагаздар боюнча бүтүмдөрдү тейлөө кызматынан пайдалануучу киши.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОНЕНТ (лат. deponens (deponentis ) – кийинкиге калтыруучу) – 1) депозитке баалуулук берген жеке адам же юридикалык жак; 2) өз убагында айлыктарын албай калышкан жумушчулар, айлык акылардан алардын пайдасына кармалган (алимент ж. б.) айрым уюмдар жана кишилер да Д. болуп саналышат; 3) депозитарийдин кардары, келишимдик негизде анын Д-ке же аны тим гана кармап туруу ишенилген баалуу кагаздар боюнча бүтүмдөрдү тейлөө кызматынан пайдалануучу киши.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОНИРЛӨӨ (лат. deponere ) – 1) кредиттик уюмга акча каражаттарын, баалуу кагаздарды (акцияларды, векселдерди, облигацияларды, чектерди) ж. б. баалуулуктарды сактоого өткөрүү; 2) депозитарийге эларалык келишимдердин, ратификациялык грамоталардын, эларалык келишимдерге кошулуу же аны депонсирлөө жөнүндө документтердин түпнускасын сактоого өткөрүү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОНИРЛӨӨ (лат. deponere ) – 1) кредиттик уюмга акча каражаттарын, баалуу кагаздарды (акцияларды, векселдерди, облигацияларды, чектерди) ж. б. баалуулуктарды сактоого өткөрүү; 2) депозитарийге эларалык келишимдердин, ратификациялык грамоталардын, эларалык келишимдерге кошулуу же аны депонсирлөө жөнүндө документтердин түпнускасын сактоого өткөрүү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОРТАЦИЯ (лат. deportatio – куугунтук, сүргүн) – Франциянын кылмыш-жаза укугунда Д. айдоонун өзгөчө түрү – ХVIII–ХIХ кылымдарда коркунучтуу кылмышкерлердей эле, саясий кылмышкерлерге карата да (м.; Париж коммуначыларына) колдонулуучу алыскы колонияларга айдоо сүргүндөрү түшүнүлгөн. Кеңири мааниде Д. деп кишини же кишилердин бир тобун башка мамлекетке, башка жерге, адатта кайтаруу менен аргасыз сүргүнгө айдоо түшүнүлөт. Д. аз эмес учурларда тигил же бул өлкөгө мыйзамсыз киришкен чет элдик жарандарга же жарандыгы жок кишилерге карата да колдонулат. Д. массалык репрессия катары да белгилүү, м., 1920–1940-жылдары СССРде бүтүндөй бир элдер (чечендер, ингуштар, калмактар ж. б.) немецтик-фашисттик аскерлерге жардамдашат деген айып менен өздөрү жашап турган жерлеринен айдалган.