1. өттү жана тамак сиңирүүгө керек болгон заттарды иштеп чыгаруучу адамдын жана айбандын ички органы, мүчөсү. Жүр майданга, баатыр балдар киребиз, Жат душмандын боорун жарып тилебиз (Барпы). Балам, мына бул боорду бышырып жей тургула (Жантөшев). 2. Төш тарап, көкүрөк жак, ич жак тарап. Эрнис эки колун бооруна алып ары-бери басат (Жантөшев). Эрке кыз Жылдызканды акырын гана бооруна кысып, каадасынча төбөсүнөн жыттады (Байтемиров). Аскерлер бирде боорлору менен жылып, бирде далдалуу жерге илбирстей секирип жүгүрүшүп кетип баратышты (Жантөшев). 3. Тоонун, жардын, дубалдын ж. б. капталы, бети. Эми көр, ал боорго бак сайылган (Маликов). Четин асканын бооруна жабышып чыккан (Жантөшев). Дубалдын боорундагы саатты караса, он экиге жакындап калыптыр (Байтемиров). 4. Белгилүү бир жердин аймагы, айлана чөйрөсү, өрөөнү. Тоодой саман үйүлүп, Чүй боору эгин жыттанат (Шүкүрбеков). 5. Бир тууган, тууган, тукуму, теги бир. Аркаңда калган карындаш, Бооруңар айтат саламды (Бөкөнбаев). || Жүрөк сезимин, кишинин көңүлүн, боорукерликти, жакын санагандыкты билдирүүдө колдонулат. Туугандын өзү таарынса да, боору таарынбайт (макал). Алмамбет акыл ойлонду, Аябай боору толгонду («Манас»).
Жакындабоо, баш ийбөө, жакын санабоо, моюн бербөө. Бирок Сүйүнбайдын балдары бөтөн адамдай боор бербей өсүштү (өгөбаев). Сайра карап буртуйду: – Ошолор мага болобу, ошолор мага боор береби?! (Касымбеков). үпөл кишиге жакындамак турсун, оңой менен жээк-жааттарга боор бербейт («Ала-Тоо»). В.: Боорун бербөө. Өзүмө канчалык тартайын десем да, эч боорун бербейт (Осмоналиев).
Жакындабоо, жолобоо. Бирок Сүйүнбайдын балдары бөтөн адамдай боор бербей өсүштү (Өгөбаев). Сайра карап буртуйду: - Ошолор мага болобу, ошолормага боор береби?! (Касымбеков). Үпөл кишиге жакындамак турсун, оңой менен жээк-жааттарга боор бербейт («Ала-Тоо»).
Жакшылык жасайын десе түшүнбөйт, жакындатпайт, жолотпойт, кайра жаманчылык издейт деген мааниде колдонулат. Мен сиңдимди таңмак белем, боор ооруса боорго тебет (Тойбаев). Мунун боору ооруса, боорго тепкенин көрдүңбү? («Ала-Тоо»). Боор ооруганды боорго тепкени кандай? Ченден чыккандык эмеспи (Ш. Үмөталиев). В.: Боорго тебүү. Кайра боорго тээп атпайбы (Медетов). Кечээки жырткыч ийри тумшуктун жеми, бүгүн өзүн куш сезип, мени боорго тепти ээ (Бейшеналиев).
Жакшылык жасайын десе түшүнбөйт, жакындатпайт, жолотпойт, кайра жаманчылык издейт деген мааниде колдонулат. Мен сиңдимди таңмак белем, боор ооруса боорго тебет (Тойбаев). Мунун боору ооруса, боорго тепкенин көрдүңбү? («Ала-Тоо»). Боор ооруганды боорго тепкени кандай? Ченден чыккандык эмеспи (Ш. Үмөталиев)
Жакынсынуу, ие тартуу, өзүнө жакын саноо, жакындоо. Ал жигит балыкчыларга боор тарткансып, жылуу жүз көрсөтүп турар эле (Укаев). Дүйнөдө жетимге да боор тарткан асыл адамдар бар экен да (Бейшеналиев). Ысак, сен өз кишибизсиң, букарадан чыккансың. Ошондуктан сага боор тартып келип отурбайбызбы .. (Абдукаримов).
Жакынсынуу, ие тартуу, өзүнө жакын саноо, жакындоо. Ал жигит балыкчыларга боор тарткансып, жылуу жүз көрсөтүп турар эле (Укаев). Дүйнөдө жетимге да боор тарткан асыл адамдар бар экен да (Бейшеналиев). Ысак, сен өз кишибизсиң, букарадан чыккансың. Ошондуктан сага боор тартып келип отурбайбызбы... (Абдукаримов). Өзүңдүн жалгыз туягың, Боз ала болуп калат деп, Боор тартып турамын (Эр Табылды»).
Бир нерсеге боор тартып кыйылгандык, аны кыйбастык. Шволик аларды токтотуп калсак эмне, деген боор толгоосу чекилик экенине көзү жетпеди (Ашымбаев). Мен атамды аяп кеттим, бирок атам үчүн деген боор толгоом дагы да күчтүүлүк кылды («Кыргызстан маданияты»).
Бир нерсеге боор тартып кыйылгандык, аны кыйбастык. Шволик аларды токтотуп калсак эмне деген боор толгоосу чекилик экенине көзү жетпеди (Ашымбаев). Мен атамды аяп кеттим, бирок апам үчүн деген боор толгоом дагы да күчтүүлүк кылды («Кыргызстан маданияты»).
Өтө жакын, абдан ысык, сүйгүнчүктүү, өтө кымбат. Чын эле Бала дегениң боор эт менен тең экен (Сарногоев). Дир эткен кылынан күү төккөн комуз кыргыз журтунун боор эти менен тең («Советтик Кыргызстан»). Мал тоолуктарга боор эт менен тең, ансыз күн көрүү кыйын (Бейшеналиев).
Өтө жакын, абдан ысык, сүйгүнчүктүү, өтө кымбат. Чын эле Бала дегениң боор эт менен тең экен (Сарногоев). Дир эткен кылынан күүтөккөн комуз кыргыз журтунун боор эти менен тең («Советтик Кыргызстан»). Мал тоолуктарга боор эт менен тең, ансыз күн көрүү кыйын (Бейшеналиев).