ир.
(ср. мербет)
перламутр, жемчуг, бисер;
жүгүн чечип караса, зумурут, көөр таш экен, жубар бермет кошо экен фольк. когда развязал он вьюк и посмотрел, (там оказались) изумруды, перлы и чистый перламутр;
жасалма бермет искусственный жемчуг;
суу бермет поддельный жёмчуг;
чыныгы бермет мелкий жемчуг;
уй бермет крупный жемчуг;
төө бермет самый крупный жемчуг;
бермет сөзү чачылды фольк. рассыпался бисер слов (говорилось красиво и мудро).
зат. Кымбат баалуу асыл таш, саймада колдонула турган майда суу мончок, шуру. Шуру, бермет аралаш Тагындым мончок чачыма («Эр Табылды»).
бермет (мербет, марбат
эмес), бермети, берметти
«Шуру, бермет, аралаш, Тагындың мончок чачыңа» («Эр Табылды»), Зергерчиликтин жердиги, дүр, мончок, асыл таш. Кыз-келиндердин асем буюмдарына: желбирөөч, бойтумар, чолпу, күбөк, чачкап, чачпапик өңдүүлөргө тизилүүчү, кийим-кечектерине бастырылуучу, моюнга тагылуучу жана башкаларга колдонулган. Бермет таза, нарктуу нускаларды жаратууда пайдалануучу кымбат баалуу мончок, асыл таш.
1. Суу түбүндө, үлүлдүн кабыгынын ичинде жетилүүчү кымбат баалуу зат. Жакут, бермет аралаш («Манас» С. К.). Зумурут, бермет, көөкардан («Манас» С. О.). || Ушул заттан жасалган түрдүү кооз нерсе, жасалга. Чачына кызыл акак, шуру, ак бермет жана седеп тагынган (Жантөшев). Шуру, бермет аралаш Тагындым мончок чачыма («Эр Табылды»). 2. Аңдын жүнүндөгү жылтылдаган учку жүнү. 3. өт. Кооз, мөлтүр, тунук. Көзүңдөн тамчылата мөлтүр жашың (Барпы).
аңч. Кышында аң терилеринин толук жетилиши.
этиш. Бермет түшүрүү, бермет бастыруу.
покрывать или отделывать перламутром, жемчугом, бисером.
Бермет менен бастыруу, бермет менен жасалгалап кооздоо, бермет тизүү.
Бермет сыяктуу, берметке окшош. Белди эңкейтип, күчтү алды, Берметтей аппак тишти алды (Токтогул). Берметтей тизилген сансыз жылдыздар жымыңдашып жер жүзүнө көрүндү (Баялинов).
берметте этишинин туюк мамилеси.
возвр.- страд. от берметте-
покрываться или отделываться перламутром, жемчугом, бисером; становиться похожим на перламутр, жемчуг, бисер.
берметте этишинин туюк мамилеси. Берметтелген кооз кийимдер.
возвр. от берметте-;
тер чыгып чекесинен берметтенип стих. на лбу его появились капельки пота.
Бермет сыяктанып, мончоктогон абалда болуу. Тер чыгып чекесинен берметтенет (Бөкөнбаев).
берметте этишинин аркылуу мамилеси.
берметте этишинин кыймыл атоочу.
берметте этишинин кыймыл атоочу.
Бермет тагылган, бермет менен кооздолгон, бермети көп. Берметтүү топу.