ир.-ар. 1. то же, что күзгү II; 2. стекло; көз айнек очки; айнек көз искусственный (букв. стеклянный) глаз; киричмесин айнек аягына куюп, алдыма коёт наливает он своей браги в стеклянную посуду и ставит предо мной; айнек парда оконная занавеска; 3. талас. окно; 4. (чаще айнектей) перен. чистый, ясный, прозрачный; айнектей көз поэт. ясные очи; керек болсо, чукуп ал айнектей эки көзүмдү фольк. если нужно, вырви мои ясные очи; асынып жүрсө Аккелте - айдалынын айнеги фольк. когда он навесит на себя (ружьё) Аккелте - (это) краса его спины (букв. лопатки); айнектей ачык совершенно ясно, очевидно.
зат.1. Кварц кумуна бир катар башка заттарды кошуп эритүү жана химиялык жагынан иштетип чыгуу менен алынган тунук зат. Терезенин айнеги. Шкафтын айнеги. Айнек идиштер. 2. диал. Күзгү. 3. Көз айнек. Күмүш алкак айнегинин жартысын Басып турат тааныш коюу каштары (Аалы).
♦ Көзайнек — көз жакшы көрбөй калганда же көздү жарык нурдан сактоо үчүн көзгө тагынуучу айнектен жасалган курал.
Араб тилинде айн сөзү «көз» маанисин берет (АРС, 709). Анткени ал тамганын жазылышы көздүн сүрөтүн элестетет. Ал сөзгө кичирейтүүчү -ек мүчөсүн кошуп, ирандыктар айнек деген сөздү жараткан (ПРС, 354). Ал «көз айнек» маанисин туюнтат. Кыргыз тилине айнек сөзү кабыл алынганда иранчасынан башка мааниси пайда болуп, «терезенин көздөрүнө салына турган шишеден жасалган зат» деген маани берип калган.
1. Кварц кумуна кээ бир башка заттарды кошуп эритүү жана химиялык жол менен иштетүүнүн натыйжасында алынган тунук материал. Айнек заводу. Ошол материалдан жасалган ар кандай башка буюмдар же ушул эле материалдын терезеге ж.б. колдонулуучу жука, жазы тилкеси. Терезенин төрт көзүнүн тең айнектери бүтүн (Сыдыкбеков). Жылтыраган айнек жок, Караңгы тамда жатамын (Токтогул). 2. диал. Күзгү. 3. өт. Чолпонум, тунугум, асылым деген маанилерде эпитет катарында колдонулат. Баатырдан калган белегим, Төрөмдөн калган айнегим («Сейтек»). Айнегим Топчу эрмегим, Аманын атаң көрбөдүң (Токтогул). 4. сүйл. Шише, шише идиш, ар кандай шише буюмдар. Балдан тарткан киричмесин айнек аягына куят (Сыдыкбеков).
АЙНЕКЕ — эпизоддук кейипкер. Көкчөнүн уулу Үмөтөй Семетейге каршылашып келгендеги эпизоддо А. Темиркандын он эки кызынын бири, Текечи кандын аялы, өзүнүн эжеси экендигин Каныкей Семетейге айтат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 274).
1. Айнекке окшогон, айнек сыяктуу. Айнектей муз. 2. Мөлтүрөгөн, жакшынакай, күзгүдөй. Айнектей сулуу жар болсо Өмүрлүккө сүйгөнүм (Токтогул). Аткан таңдай кашкайып, Айнектей бетиң тастайып (Тоголок Молдо). Чексиз асман көк айнектей мелтиреп, Окшошконсуйт биздин жашыл жер менен (Токомбаев). Кичирээк бөлмөдө ак халат кийген орто бойлуу жигит айнектей тунук нерсени текшерип жатты («Советтик Кыргызстан») .
айнекте этишинин туюк мамилеси. Айнектелген ичи таза, Темир мештер жагылды (Бөкөнбаев). Алды-үстүнүн бардыгы айнектелген чоң капас даярдадык («Ала-Тоо»).