1. русло, ложе речки; речка; побережье речки, горная долина с речкой;
өзөн башы ашуу болот, жардын башы кечүү болот погов. в истоках реки бывает перевал, в начале яра - брод;
ушул өзөн боюна эки күнү консок а что, если мы на берегу этой речки остановимся на два дня;
айылга толгон өзөн горная долина, сплошь покрытая аулами;
кең бейилдүү жигиттер сары өзөн жайыктай стих. щедрые парни подобны просторной горной долине с хорошим пастбищем;
2. геогр. уст. бассейн;
Ыссык-Көл өзөнүндөгү райондор районы бассейна Иссык-Куля;
өзөн булак то же, что өзөндүү булак (см. өзөндүү).
зат. 1. Чоңураак агын суу, дарыя; суунун сайы. Адам кенчи, малдын жери бул өзөн, Көзгө жылуу ой-талаасы, тоо ташы (Осмонов). Кирген буурадай ак көбүгүн көккө бүркүп,.. жулкунуп жаткан көк кашка өзөн (Абдукаримов).
2. Суунун алабы, өрөөн, бассейн. Кетмен-Төбө кең өзөн Токомдун өскөн жери экен (Аалы).
өзөн-, өзөнгө
өзөн дельфиндери
өзөн рактары
өзөн токою
1. Чоңураак агын суу, дарыя, суунун сайы. Адам кенчи, малдын жери бул өзөн, Көзгө жылуу ой-талаасы, тоо ташы (Осмонов). Кирген буурадай ак көбүгүн көккө бүркүп, жулкунуп жаткан көк кашка өзөн (Абдукаримов). 2. Суунун алабы, өрөөн. Кетмен-Төбө кең өзөн Токомдун өскөн жери экен (Токомбаев).
~: өзөндүү булак родник, переходящий в речку;
өзөндүү суу проточная вода, речка.
сын. Өзөнү бар, суусу бар. Куландай басып ойношкон, Өзөндүү сууну бойлошкон (Осмонкул). Гүл төгүлгөн жалбырак, Көк өзөндүү төрүбүз (Тоголок Молдо).
Өзөнү бар, суусу бар. Куландай басып ойношкон, Өзөндүү сууну бойлошкон (Осмонкул). Гүл төгүлгөн жалбырак, Көк өзөндүү төрүбүз (Тоголок Молдо).