Киргизско-русский словарь Юдахина
Перевод ӨЗӨН в русско-кыргызском онлайн переводчике Эл-Создук

1. русло, ложе речки; речка; побережье речки, горная долина с речкой;
өзөн башы ашуу болот, жардын башы кечүү болот погов. в истоках реки бывает перевал, в начале яра - брод;
ушул өзөн боюна эки күнү консок а что, если мы на берегу этой речки остановимся на два дня;
айылга толгон өзөн горная долина, сплошь покрытая аулами;
кең бейилдүү жигиттер сары өзөн жайыктай стих. щедрые парни подобны просторной горной долине с хорошим пастбищем;
2. геогр. уст. бассейн;
Ыссык-Көл өзөнүндөгү райондор районы бассейна Иссык-Куля;
өзөн булак то же, что өзөндүү булак (см. өзөндүү).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Чоңураак агын суу, дарыя; суунун сайы. Адам кенчи, малдын жери бул өзөн, Көзгө жылуу ой-талаасы, тоо ташы (Осмонов). Кирген буурадай ак көбүгүн көккө бүркүп,.. жулкунуп жаткан көк кашка өзөн (Абдукаримов).
2. Суунун алабы, өрөөн, бассейн. Кетмен-Төбө кең өзөн Токомдун өскөн жери экен (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чоңураак агын суу, дарыя, суунун сайы. Адам кенчи, малдын жери бул өзөн, Көзгө жылуу ой-талаасы, тоо ташы (Осмонов). Кирген буурадай ак көбүгүн көккө бүркүп, жулкунуп жаткан көк кашка өзөн (Абдукаримов). 2. Суунун алабы, өрөөн. Кетмен-Төбө кең өзөн Токомдун өскөн жери экен (Токомбаев).