Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Чачты, сакал мурутту алуучу, тегиздөөчү жай, парикмахерская. Муруттарым кара кылкан өңдөнуп, Чачтарашка эки ирет келтирди (Аалы).
2. Чач, сакал-мурут алуучу, тегиздөөчү киши, парикмахер. Чачтараш менен сүалөшсөң, устара менен кайрагын айтар (макал). Атасы жумушчу, апасы чачтарач, Бектурдун баласын көр (Шүкүрбеков).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Чачтараш сөзүн чач жана тарач деп түшүнүп, экинчи сөз тара этишинен чыккан сөз дөп билүүгө болбойт. Мындагы тараш сөзү иранча тарошидан (ТадРС, 383) этишинин кыскарганы болуп эсептелет. Ал «алуу, кыруу» дегенди билдирет. Чачтараш сөзү «чачты алуу» дегенди билдирет, ал «чачты тароо» менен эч байланышпайт.