Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Чачтараш сөзүн чач жана тарач деп түшүнүп, экинчи сөз тара этишинен чыккан сөз дөп билүүгө болбойт. Мындагы тараш сөзү иранча тарошидан (ТадРС, 383) этишинин кыскарганы болуп эсептелет. Ал «алуу, кыруу» дегенди билдирет. Чачтараш сөзү «чачты алуу» дегенди билдирет, ал «чачты тароо» менен эч байланышпайт.