Киргизско-русский словарь Юдахина
кисти из ниток, вплетённые в косу (украшение);
кең чачпак богатый чачпак;
чачпак көтөр- прислуживаться; примазываться к кому-л.:
ал чачпагын көтөрүп келди он пришёл (напр. в гости) только потому, что был вместе с ним (с тем, которого желали иметь гостем).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Келиндер чачка тагуу үчүн чачылуу кара жибектен жасалган же күмүштөн ар түрдүү формада кооздотулуп жасалган жасалга. [Уулжан].. ордунан турганда соорусун жаба берген күмүш чачпагы шарк-шарк этет.. (Каимов). Чачпагың учу шырп этет, жеңе (Осмонов).
Чачпагын көгөрүп келүү — бирөөнүн шылтоосу менен экинчи бирөө ээрчий келүү.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Күмүштөн чачпак сооруңда, Күлгөнүң турат оюмда» (Боогачы). Бул — зер буюму. Кыз-келиндердин (кээде улгайган аялдардын да) аземдик үчүн тагынган кооз жасалгасы, чолпунун бир түрү. Ал үч бөлүктөн турат: башы (чач байлана турган жагы), ортосу (кооздуктар тагылган тарабы) жана учу (чачы). Азем көркөмдүктөр кадалган жагы. Чачпактын жасалышы боюнча ар бир элдин жекече маданий өзгөчөлүктөрү байкалып турат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аял кишилер чачка тагуу үчүн чачылуу кара жибектен жасалган, күмүштөн ж. б. зер буюмдар ар түрдүү формада кооздолуп тыгылган жасалга. Уулжан ордунан турганда соорусун жаба берген күмүш чачпагы шарк-шарк этет (Каимов). Чачпагың учу шырп этет, жеңе (Осмонов). Чапан астынан шалдыраган чачпагынын да эң сонун үнү кулакка угулуп турат (Ауэзов).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Аялдар чачына тагынчу кооз жасалга чачпак сөзү чач+пак бөлүктөрүнөн турат. Анын аягындагы -пак – байыркы түркчө баг деген сөз. Ал азыркы кыргызча боо дегенге туура келет. «Чач боо» маанисиндеги сөз чачпак болуп калган.