ЧАЧПАК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Аял кишилер чачка тагуу үчүн чачылуу кара жибектен жасалган, күмүштөн ж. б. зер буюмдар ар түрдүү формада кооздолуп тыгылган жасалга. Уулжан ордунан турганда соорусун жаба берген күмүш чачпагы шарк-шарк этет (Каимов). Чачпагың учу шырп этет, жеңе (Осмонов). Чапан астынан шалдыраган чачпагынын да эң сонун үнү кулакка угулуп турат (Ауэзов).