Киргизско-русский словарь Юдахина
1. пленник; узник;
2. пленение, плен;
туткунга түшүп калды он попал в плен;
туткунга түшүрүп ал- взять в плен;
ырым-жырымдын туткунунда в плену предрассудков;
мейман туткун ист. находящийся под "почётным арестом" (гость, лишённый права уехать).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Согуш учурунда колго түшкөн жоокер, колго түшүрүп алынган жоо тараптын адамы. Чалгынчылар туткунду өтө этияттык менен.. командирге тапшырышты (Баялинов). Кырк чакты солдат тегеректеп туткундарды айдап келе жатты (Жантөшев).
2. Душмандын колуна түшкөн абал, жоо тараптын колуна түшүү абалы. Бир канчасын жайлап, далайларын туткунга алдык (Каралаев). Ал туткунда жүргөн шордуу экен (Калык).
3. өт. Көз каранды, эрксиз абал; эрксиз. Туткунда жаткан элдерди, Биздин туйгундар барып бошотту (Үсөнбаев). Көрүп жүрөм көз менен: Мен сыяктуу туткундун, Далайы ачтан өлгөнүн (Токтогул). Аялдар анда туткунда, Пардалуу жүктүн бурчунда (Нуркамал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Согуш учурунда колго түшкөн жоокер, колго түшүрүп алынган жоо тараптын адамы. Чалгынчылар туткунду өтө этияттык менен командирге тапшырышты (Баялинов). Кырк чакты солдат тегеректеп туткундарды айдап келе жатты. (Жантөшев). 2. Душмандын колуна түшкөн абал, жоо тараптын колуна түшүү абалы. Бир канчасын жайлап, далайларын туткунга алдык (Каралаев). Ал туткунда жүргөн шордуу экен (Калык). Туйлай албай, түшкөн соң, Туткун болуп колуна (Казыбек). 3. өт. Көз каранды, эрксиз абал, эрксиз. Туткунда жаткан элдерди, Биздин туйгундар барып бошотту (Үсөнбаев). Көрүп жүрөм көз менен: Мен сыяктуу туткундун, Далайы ачтан өлгөнүн (Токтогул). Аялдар анда туткунда, Пардалуу жүктүн бурчунда (Нуркамал).