Киргизско-русский словарь Юдахина
кожа, шкура;
терисин сыйыр- снимать шкуру с кого-чего-л.;
аң териси пушнина;
териге ал- этн. обвернуть больного только что снятой шкурой овцы или жеребёнка (приложив мездрой к голому телу, чтобы вызвать у больного обильную испарину);
терисин тескери сой- или терисин тескери сыйыр- спустить с кого-л. шкуру;
мен аны иттин терисинен (или иттин этинен) жек көрөм я его ненавижу всем своим существом;
териме батпай семирдим
1) я раздулся от жира;
2) я воспрянул духом;
терисине батпай чиренет он возгордился сверх меры;
териси кеңип, болукшуду он пришёл в блаженное состояние;
териси тетири айланып калды шерсть у него взъерошилась (напр. у худой или больной лошади);
баш териге баш тери каптап койгондой вылитый, как две капли воды;
анын баш терисинен эле көрүнүп турат у него на лбу написано; его по роже видно;
баш терисин байкап көр- прощупать (напр. чтобы определить знания, состояние дела, настроение и т.п.);
келгенде көрөсүң, баш терисин байкайсың придёшь - увидишь, прощупаешь его;
сенин баш териңди байкайын деп келгемин я пришёл, чтобы узнать твоё настроение (что ты хочешь предпринять);
баш териң башка көрүнөт ты выглядишь каким-то особенным (непохож на здешних людей);
иттин терисин кийгизип (или башына каптап) (см. жегиз-);
териси тар (см. тар);
териси тарып кеткен (см. тары- I);
тери-терсек (см. терсек).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Адамдын, айбандын денесин каптап турган тышкы катмары, кабыгы; союлган же өлгөн айбандын сыйрып алынган талпагы. Миң сыйрылып, миң түштү Таманымдын териси (Үмөталиев). Шалбыратып теримди Этимди алды карылык (Токтогул). Койдун териси, уйдун териси. Аюунун териси.
Териси тар к. тар. Кой терисин жамынган — өзүнүн чыныгы жүзүн жашырган, көпчүлүктүн арасында коомго зыянкечтик кылып жүргөн. Акыйкат так ошондой табат баарын, Жамынган кой терисин душмандарын (Маликов). Терисин сыйруу — катуу жазалоо, сазайын колуна берүү. — Коркпо, эжеке. Мунун колунан кутулбасак болбойт. Терибизди тирүүлөй сыйрат (Бейшеналиев). Териге алуу — кээ бир узак ооруган адамды жаңыдан союлган малдын терисине ороп тердетүү, дарылоо. Табылдыны жаткырып, Териге алып тердетип («Эр Табылды»). Баш терисин байкап көрүү — кандай экенин, ким экенин, сапатын байкап билүү, жибин тартып көрүү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Адамдын, айбандын денесин каптап турган тышкы катмары, кабыгы; союлган же өлгөн айбандын сыйрып алынган талпагы. Миң сыйрылып, миң түштү, Таманымдын териси (Үмөталиев). Шалбыратып теримди, Этимди алды карылык (Токтогул). Койдун териси, уйдун териси. Аюунун териси.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
(Теричилик) — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Бул терини түрдүү ыкмага салып, жасалга колдонмо буюм-тайымдарына жердик кылуу. Терини жергиликтүү жердик катары урунуу. Иштетилген терилер «түктүү» жана «түксүз» делинип экиге бөлүнөт. Терини колдон иштетүүдө «жыдытуу», «малмага салуу», «ашатуу», «ийлөө», «жибитүү», «өңдөө» (бордоо), «боео», «ыштоо», «тилүү» жана башка ушул өңдөнгөн түркүн жолдору бар. Ушундай ар кыл ыкмаларды таасын колдонуу менен түркүн буюм-тайымдар жасалат. Тери буюмдарын кармоо элибиздин күндөлүк жашоо-турмуш шартына тыгыз байланышкан.
      Малдын, кайберендин жана аңдардын терилери көчмөңдүү элдин буюм жасоолору үчүн өтө зарыл болот. Ушундан улам «Тогуз катар торкодон акемдин түгү өтүптүр» деген калк накылы чыккан. Азыркы учурда теринин баркы ого бетер артылууда. Жалаң гана териден жасалган кийим-кечектердин түрлөрүнө: тон, чыптама (өпкө кап), ичик, шым, тебетей, малакай, тумак, көн буюмдары кепич, маасы, кол кап, мөкү, көкжеке, кур (кемер), томого, каргы, чыны кап өңдүүлөр кирет.
      Ошондой эле шири идиштери: көнөк, көөкөр, көнөчөк, сабаа, чанач, супура, тулуп сыяктуулар тоолук элдердин сынбаган-бүлүнбөгөн, урунууга бышык идиштери болот.
      Ат жабдыктарына да малдын, кайберендин, терилери бирден-бир жердик болот. «Тилүү», «каптоо», «каюу», «оюм, наар түшүрүү» жана «өрүү» өңдүү сыналган өнөрү аркылуу тери буюмдарын жүзөгө ашырган элдик чеберлердин эчактан бери келе жаткан жөрөлгөлөрүн жаземдебей улаган усталар жана уздар азыр да бар.
      Жашоо-тиричилигибизде тон, желетке, чыптама (өпкө кап) жасоого да көңүл бурулган. Мында кийимдин жасалышы боюнча ар кыл өзгөрүүлөр байкалат. Бир кездерде тери кийимдеринин белине, көкүрөк тушуна, этек-жеңдерине көрпөдөн «жээк» кыюуланган. Мындай кадимки пальто формасындагы кийин чыккан кийимдерге көбүнчө топчу да, илгич да кадалуучу. Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде ага чейин тери менен жүн кийимдерин колдон иштетүү өтө өөрчүгөндүгүн көрөбүз. Албетте, буга бир эсептен кыйынчылык жашоо-турмуш өзү себепкер.
      Малдын терисинен элдик кол өнөрчүлүктүн мурунку жөрөлгөсүн сактап, кийим-кече кылып кийүү таламдары улам барган сайын тарууда. Элет жерлеринде гана көрпө саксактан ичик жасашат. Аны баш кийит катары баалашат. Күндөлүк жашоо-тиричилик жагдайын тике багыттаган түркүн тери буюмдарынын саны баштагыдан абдан азаюуда. Бирок, мал киндиктүү кыргыз жергесинде көөкөр, көнөчөк, көнөк, сабаа, төтөн, чанач сыяктуу идиштерди урунуунун зарылчылыгы аябай бар. Азыр жылкы чарбасын өстүрүп, анын продуктуулугун арттырууда багыт берилүүдө. Ала-Тоону түптөп отуруп, желе байлап, кымыз ачыткан, боз үй тиккен кыргыз элине мындай шири идиштерин мындан ары өнүктүрүүгө ойдогудай мүмкүндүк берет.
      Ата-бабаларыбыздан, тээ, түпкү чыгышыбыздан бери малдын терилеринен түркүн буюмдар кармалуучу, азыр уйдун, жылкынын, топоздун, төөнүн терилерин анча барктабай баратабыз. Ал эми жандыктардын терилеринин жүнүн жыдытып, жаргагын ыргытып жиберебиз. Булар — ошол элдик көөнөрбөс нускалардын түбөлүктүү жердиги. Бардар турмуштун мына ушул малдын, кайберендин терилеринен мурдатан келе жаткан көркөм өнөрдүн жөрөлгөлөрүн андан ары өнүктүрүүнү сүрүп чыгарды. Аны сактап, кийим-кечек тигип кийүүнү четке кагууда. Күндөлүк тиричилик жагдайын, багыттаган ар кандай тери буюмдарынын саны баштагыдан абдан азаюуда. Кыргыз элинин тоолук турмушу мындай идиштерге качан да болсо муктаж. Муну мындан ары тиричиликтик буюм-тайым жана элдик өнөр катары өнүктүрүүгө шарттар боло албай жатат. Сабаабыз челекке, көөкөрүбүз мискейге, чаначыбыз конистрге, супурабыз клеенкага, тулупубуз баштыкка алмашып, даяр нерселерди гана колдонуудабыз. Кыргыздын өзүнүн улуттук буюмдары кылымдар бою көчмөңдүү турмушубузга байланыштуу болгондуктан булар азыркы мал чарбачылыгы өрүш алган элибиздин эмки жашоосуна да айрыкча маанилүү. Аларды көчүп-конуп, талаа-түздө жүргөн турмушубузда урунуу өтө ыңгайлуу.
      Буларга куюлган тамак-аш эч качан өзүнүн даамын, түсүн жана сапатын бузбайт, кайра жакшыртат. Кымыз куюлган чаначта, бышылган сабаада гана даана даамына чыгат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
обижаться;
сөзүнө териккеним жок на его слова я не обиделся;
бир ооз ашык сөз айтпасак, ал эмнеге терикти? на что он обиделся, ведь мы не сказали ничего лишнего?
кеп салса бирөө, терикпей, кабыланым. кенен ташта ичиңди фольк. если кто заговорит, ты, мой леопард, не обижайся, будь великодушным.

Киргизско-русский словарь Юдахина
сбор (собирание);
пакта терими сбор хлопка;
биринчи терим пакта хлопок первого сбора;
теримге кир- приступить к сбору;
жыйым-терим всё, связанное со сбором;
буюм-терим инструменты и орудия (напр. для уборки урожая, для сбора хлопка и т.п.).

Киргизско-русский словарь Юдахина
теримчи I
сборщик (напр. хлопка);
башка теримчилер деле эки колдоп терип жүрүшпөйбү? а разве другие сборщики не собирают (хлопок) двумя руками?
даңктанган теримчи кыз прославленная девушка-сборщица (хлопка).
теримчи II
шорник, изготовляющий плетёную сбрую;
кош айдаган эгинчи, камчы өрүүчү теримчи фольк. сеятель, возделывающий землю, и шорник, изготовляющий плети.
теримчилик специальность или обязанности или мастерство сборщика (напр. хлопка).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Терүүчү, теримде иштөөчү, терип жыйноочу; терүү ишинин устаты. Теримчи кыз Ак Зыйнат, Терүүгө пахта ашыгат (Үмөталиев). Сезондо жыйырма тонна пахта терип, Даңктанган теримчи кыз Шарапаткан (Абдыраманов).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
Теринин түгүн алуу, кайыш кылуунун башталыш аракети. Бул байыркы ыкмалардын бири. Чеберлер жаңы сыйрылган төөнүн, топоздун жана уйдун терисин жайып, күнгө бир аз тоборсуткан соң аны шар сууга бастырышкан, мында бир аз убакыттан кийин теринин жүнү колго келбей жыдып калат. Терини бир топко күнгө төрт бүктөп ороп коюу менен да жыдытып алышкан.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
кайыш жана кол булгаары жасоонун башталыш ыкмасы. Терини колдо иштетүүнүн бир түрү. Андыктан чеберлер терини суудан алып чыгып, кайрадан күнгө тоборсутат. Чоң жыгач челекке айранды, тузду жана улпакты аралаштырып, ашаткы кылат. Ага ал чылгый терини салат. Бул «малмага салуу» же бодонун терисин «ашаткыга салуу» деп аталат.
      Кайыш булгаары жасоо үчүн бодонун, кайберендин, кээде майда жандыктын териси да малмага салынган. Тери малмага салаарда челденет. Аны күн алыс аралаштырып турат. Тери ашаткыны боюна тарткандан кийин (5— 7 күн) алынат. Челектен чыккан терини кайрадан агын сууга шапшыйт. Анан «талкууга» алынат.
      Азыр айрым чеберлер бодонун сыйрылган терисине 1акиташ салышат. Мында теринин калыңдыгы бир элидей болуп көбөт. Анын жүнүн бычак менен шыпырат.
      Же суу куюлуп, белгилүү өлчөмдө ун салынып, туз 1татыган чоң челекте жыйырма-отуз күндөй терини кез-кез аралаштырып турат. Анан тоборсуган чакта алып, талкууга эт бышымдай ийлегенде кадимкидей эле аппак кайыш пайда болот. Мындан жалаң гана ат жабдыктардын бөлүктөрү кармалат.
      Уйдун терисиң бир күнгө тузга коюп, анан ички бетине керосин сыйпайт. ^н уйдун терисине бир жарым литрге чейин керосин төгүлөт. Аны бүктөп койсо, түгү өзү эле жыдып калат. Күнгө көргөзбөй, улам сызга таштап, талкууга салат. Качан өзүнүн нымы кургаганда даяр ак кайыш пайда болот. Ошентип, тери ийленип бүткөндөн кийин ага автол сыйпап, нымга таштап койсо, кайыш иштөөгө жумшак болот. Кайыш баш-аягы эки-үч күндө эле даярдалат.
      Тери ката түшсө, кыртышы сынат. Эгер тери нымда жатса, майды тез кабыл алат.
      Чеберлердин колдон терини иштетүүдө дагы мындай ыкмасы бар: уйдун терисин сыйраары менен бетине акиташ себет. Анан жүнүн жыдытат. Эгер бычакты тийгизсең, теринин кыртышы, сапаты бузулат. Андан кийин тери «малмага» салынат. Мундуктан ун, айран, улпак — үчөөнү кошуп, малма жасалат. Ал кадимкидей ачып жыттанып чыгат. Ага салынган тери калыңдалат. Малма жылуу жайда турушу керек. Аны улам көрүп турат. Убактысы жеткенде (20 күндөй) алып, көлөкөдө эки күнчө сергитет (Күн көрсө, ал дароо курушат). Эки күнчө талкууга алынат. Ийине канчалык келип, тери жумшак болсо, аны пайдалануу ошончолук жеңил келет. Мындан ак кайыш пайда болот.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
(бордоо) — борду бышырып, майдалап сүртүү менен теринин бетин агартуу. Ашаткыга ойдогудай кирген тери балбырап жумшарат. Ийине келген теринин жүн жаккы бетин күбүп, самындап жууйт да, эки кишилеп бучкагынан кармап силкип, күнгө коюп, кайрадан кургатат. Бордоо алдында чебер үчүн омоктуу болушка чийге, таарга, же кийизге терини жайып тазалайт.
      Терини сүртүү куралы кол чалгы менен орок болот. Улам терини сүрүп, кайра бор себелеп, кайра сүрүп... Акыры териге ак өң сиңет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сүйүнүү, кубануу, көңүлү абдан куунак болуу. Бала-чакамды көрүп, эл ичине келип териме батпай жүргөн кезим («Ала-Тоо»). Абылкасымдын терисине батпай жүргөн чагы (Жантөшев). В.: Терисине сыйбоо. Анын терисине сыйбай жүргөн чагы. Мамбеткул терисине сыйбай кубанычтуу (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Катуу кордук көрсөтүп жазалоо, сазайын колуна берүү, бирди көрсөтүү. Эгер Кукем менен Токтор аке болбосо териңди тескери сыйрат элем, күчүк, – деп Алымкулга окурая карады (Абдукаримов). В.: Терисин сыйруу. Сениби, сенин териңди сыйырбасамбы? – деп, Айдараалы анын артынан колун булгалады (Абдукаримов). Терисин тетири сыйруу. Капаска салып тирүүлөй Терисин тетири сыйырса (Осмонов). Терисин тескери союу. Түш алдыма, териңди тескери сойбосом!

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кырс, сөз көтөрүмү жок, кең пейил эмес, чырт этме кыялы бар, оор басырыктуу эмес. Териси тар, мүнөзү чатак ургаачы болсо, бая эле кырс этип, кабагын салып калат эле (Сыдыкбеков). Териси тар киши экен. Териси тар немеге айта албадым («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от териш- II
расспрашивать, детально выспрашивать; детально разбирать, обдумывать;
иштин түбүн териштир- разобрать дело досконально;
түбүн териштирип эмне кыласың? зачем ты будешь копаться в прошлом?
майда-чүйдөсүнө чейин териштирди он разобрался (или рассказал) во всех подробностях;
акылы аны териштире алган жок ум его не дошёл до детального понимания; он не мог точно разобраться;
териштирип-текшерип көрүңүз попробуйте детально разобрать и обследовать;
териштирип сурап подробно расспросив (или допросив);
Эшим хан бул экөөнүн чатагын териштирип, сурак кылат хан Эшим произведёт подробный допрос по спору этих двоих.