Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Катуу кордук көрсөтүп жазалоо, сазайын колуна берүү, бирди көрсөтүү. Эгер Кукем менен Токтор аке болбосо териңди тескери сыйрат элем, күчүк, – деп Алымкулга окурая карады (Абдукаримов). В.: Терисин сыйруу. Сениби, сенин териңди сыйырбасамбы? – деп, Айдараалы анын артынан колун булгалады (Абдукаримов). Терисин тетири сыйруу. Капаска салып тирүүлөй Терисин тетири сыйырса (Осмонов). Терисин тескери союу. Түш алдыма, териңди тескери сойбосом!