Киргизско-русский словарь Юдахина
тааныш I
знакомый;
көз тааныш южн. поверхностно знакомый, шапочный знакомый;
көз тааныш болдук саалга мы некоторое время были шапочно знакомы (знали друг друга в лицо, но близко знакомы не были);
тамыр-тааныштар близкие знакомые, друзья-приятели;
тамыр-тааныштардан кур эмесмин я не лишён друзей-приятелей;
өң тааныш см. өң III.
тааныш- II
взаимн. от тааны-
знакомиться, ознакомляться;
казак артисттери менен тааныштык мы познакомились с казахскими артистами.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. Мурунтан билген, тааныган, мурунтан белгилүү. Бектай бул айылдагы балдарга аябай тааныш (Бейшеналиев). Бир көргөн билиш, эки көргөн тааныш (макал). Миша ааламда болуп жаткан кабарлар менен дайыма тааныш (Абдукаримов).
ТААНЫШ II этиш. Бири-биринин ким экендигин билишүү, бирин-бири таануу. Атын айтты Гүлжамал, Ашым менен таанышып (Осмонкул). Таанышып койгула, өзүбүздүн оштук жигит (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мурунтан билген, тааныган, белгилүү. Бектай бул айылдагы балдарга аябай тааныш (Бейшеналиев). Бир көргөн билиш, эки көргөн тааныш (макал). Өтө сүйкүм бажырайып ачылган, Өрүк гүлү мага тааныш жашымдан (Бегимкулова).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бири-биринин ким экендигин билишүү, бирин-бири таануу. Атын айтты Гүлжамал, Ашым менен таанышып (Осмонкул). Таанышып койгула, өзүбүздүн оштук жигит (Абдукаримов). Биздин таанышуу ушундайча башталды (Усубалиев).