тааныш
Толковый словарь кыргызского языка (1969)I сын. Мурунтан билген, тааныган, мурунтан белгилүү. Бектай бул айылдагы балдарга аябай тааныш (Бейшеналиев). Бир көргөн билиш, эки көргөн тааныш (макал). Миша ааламда болуп жаткан кабарлар менен дайыма тааныш (Абдукаримов).
ТААНЫШ II этиш. Бири-биринин ким экендигин билишүү, бирин-бири таануу. Атын айтты Гүлжамал, Ашым менен таанышып (Осмонкул). Таанышып койгула, өзүбүздүн оштук жигит (Абдукаримов).
ТААНЫШ II этиш. Бири-биринин ким экендигин билишүү, бирин-бири таануу. Атын айтты Гүлжамал, Ашым менен таанышып (Осмонкул). Таанышып койгула, өзүбүздүн оштук жигит (Абдукаримов).