Киргизско-русский словарь Юдахина
(ср. коломто)
очаг, сложенный из камней, кирпича;
очок салып алды он сложил себе очаг;
жер очок маленький очаг;
очок башында при очаге у котла, где готовится пища;
очок башында тамак жасашып жүрөт они у очага готовят пищу;
тигил очок башында жүргөндөр да мында келүүдө те, которые находятся у очага, идут сюда;
очок башыга чыгаруу южн. этн. свадебный обряд: через три дня после свадьбы женщины сажают молодую у очага и произносят ей добрые пожелания;
орун-очок ал- см. орун 1.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Казан асууга ылайыктап жерден оюлуп, же таш тизип жасалган кемеге, же кирпич коюп жасалган от жагуучу жай. Эркиниңди отургузуп, тетиги үч кышты коюп очок жасап, от жакчы (Жантөшев). Кочегар Бочкин зор сыймык менен очоктогу алоолонгон жалынды карады (Сасыкбаев).
Орун-очок алуу — туруктуу болуу, отурукташып калуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Казан асууга ылайыктап жерден оюлуп, же таш тизип жасалган кемеге, же кирпич коюп жасалган от жагуучу жай. Эркиниңди отургузуп, тетиги үч кышты коюп очок жасап, от жакчы (Жантөшев).